Абдиумар Чотбаев: Өндүрүштүк травмаларды болтурбоо мүмкүн

85

Абдиумар Чотбаев: Өндүрүштүк травмаларды болтурбоо мүмкүн

Ар бир аймактын дасыккан адиси, жаштарга үлгү болчу мырзалары болот. Ошондой инсандардын бири Умар Чотбаев – бүт өмүрүн тоАбдиумар Чотбаев: Өндүрүштүк травмаларды болтурбоо мүмкүно кен тармагына арнаган. Буга чейин “Кыргызалтын” ишканасында эмгектенген болсо, соңку алты жылдан бери “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын коопсуздук техникасы жана эмгекти коргоо бөлүмүнүн башкы адиси болуп эмгектенет.

-Иштегениме быйыл 30 жыл болду. 1991-жылы Кызыл-Кыядагы тоо техникалык окуу жайын бүтүп, электромеханик адистиги боюнча билим алгам. Андан кийин Бишкектеги И.Раззаков атындагы тоо-кен институтун бүтүргөм.

-Буга чейин кайсы компанияларда иштедиңиз?

-Алгач ирет “Кадамжай” сурьма комбинатына жөнөкөй жумушчу болуп кирдим. 1 айдан кийин электромеханик болдум. 1998-жылы башкы механик кызматына дайындашып, 13 жыл башкы механик болуп эмгектендим. 2011-2014-жылга чейин снабжения бөлүмүнүн башчысы болуп иштедим. Андан кийин тоого барып  15 күндүк вахта иши менен таанышып, вахта башчысы болдум. Ал убакта “Кыргызалтын” болчу. 2016-жылдан баштап “Эти Бакыр Терексай” компаниясында коопсуздук техникасы жана эмгекти коргоо боюнча башкы адисмин.

-Ишканада коопсуздук техникасына канчалык деңгээлде маани берилет? 

-Бул тоо кен казуу тармагы болгондон кийин коопсуздук техника эрежелерин сактоого чоң көңүл бурабыз. Алгач ирет, “Эти Бакыр Терексайда” жумуш аз кезде, 4 жыл жалгыз иштедим. 2019-жылдан баштап адистерди көбөйтө баштадык. Азыр 10 кызматкер эмгектенет. Алардын 3сү коопсуздук техника боюнча адис, 7си медицина кызматкери. Компаниядагы жумушчулардын саны 1000 ге жетип калды. Биз ар бир жумушчунун коопсуздугун карашыбыз керек.  Жумушта биринчи кезекте жумуш техникасын карайбыз. Андан кийин гана аны аткарууга жол беребиз.

-Демек өндүрүштүк жаракаттарды азайтууда профилактикалык иштерди жүргүзүү керек экен да? 

-Ооба, эгер техникалык коопсуздуктун бардык эрежелери сакталса, өндүрүштүк травмаларды болтурбоо мүмкүн. Бул биздин бөлүмдүн ишинен жана ар бир жумушчунун жоопкерчилигинен көз каранды. Эгерде жумушчулар  бизде  мурун иштебеген болсо анда 3 күндүк инструктаж өтөбүз. Эгерде Кыргызстанда буга чейин тоо-кен тармагында иштеп, кандайдыр бир себептер менен жумуштан чыгып кайра кайта турган болсо, анда 1 күн инструктаж өтөбүз. Тоо үстүндө иштегендер менен жер астында иштегендердин эрежелери түрдүү болот. Буга чейин тоо кен тармагында такыр  иштебегендер болсо, 5 күн сабак өтөбүз. Ар бир сабактын өзүнүн жолдору бар, тузүлгөн программалары бар.

-Коопсуздук техникаларынын негизги эрежелерине токтолуп кетсеңиз?

-Объектте жерде тиешелүү гана жумушчулар иштеши керек. Эң жөнөкөй талаптар – булар башына каска кийүү, тиешелүү бут кийим жана көз айнек тагынышы керек. Жогорку деңгээлдеги коопсуздукту талап кылган жерлерде, курулуш же башка болобу, жумушчу өзүнүкүн гана эмес, башка кесипитештеринин коопсуздугун ойлошу керек. 

-Маегиңизге рахмат!