Алаттин Демиржи: Терек-Сай айылынын эли мени жакшы таанып калды

110

Чет элдик инвесторлор катышкан долбоорлордун маанилүү жактарынын бири – сөзсүз түрдө тажрыйба алмашуу болот. Алаттин Демиржи кесиби боюнча пайдалуу кендерди кайра иштетүү боюнча ижненер. Учурда “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын байытуучу фабрикасынын башкы технологу – “Портрет” рубрикасынын мейманы. 

-Түркиянын Артвин шаарында 1983-жылы төрөлгөм. Измир шаарындагы Dokuz Eylül университетинде тоо инженер кесиби боюнча билим алгам. Түркиядагы “Эти Бакыр” ишканасына  2011-жылдын сентябрь айында ишке киргем. Буга чейин Мургул районундагы ишканада руда өндүрүү чөйрөсүндө эмгектендим. Сонку 6 жылдан бери Кыргызстандагы “Эти Бакыр Терексайда” иштеп жатам.

-6 жылдан бери жергиликтүү тургун болуп калган турбайсызбы?

-Ооба. Кыргыз, орус тилдерин түшүнөм.

-Бул жакта сизди “эски” фабриканын чоңу, деп аташат экен. Эмнеге эски?

-2 жыл мурун ал эски эмес болчу. Жаңы фабрика курулгандан тарта эски болуп калдык. Байытуучу фабрика деп аталат. Мында 57 адам эмгектенет. Негизи, бул фабриканын өндүрүмдүүлүгү төмөнүрөөк: 1 саатына 15 тонна руданы иштеп чыгат. Фабриканын максаты алтын аралашмасы бар руданы иштетип, башка заттар менен байытып, алтындын көлөмүн жогорулатуу болуп саналат.

-Түркиянын Артвин шаарынан экенсиз, ал кандай жер?

-Артвин өтө кооз шаар. Түркия менен Грузия чектешкен жеринде. Ал жакта тоолор, жашыл токойлор, көлдөр бар, деңизге жакын,. Байыркы курулуштарды көргөнү көп туристтер келет.

-Маегиңизге рахмат.