Али Тургай: Жер байлыктары иштетилбесе, ал өлкөнүн өнүгүшү кыйын болот

135

Али Тургай: Жер байлыктары иштетилбесе, ал өлкөнүн өнүгүшү кыйын болот

Түркияда 7 жаштагы бала түрк элдерине кирген жети мамлекетти атай алат. Анткени ата-бабалары кичине жашынан түрк элдеринин тектеш тарыхын айта берип, кулагына сиңирип койгон. Бул тууралуу “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын ачык тоо иштеринин жетекчиси Али Тургай айтып берди. Али Тургай “Портрет” рубрикасынын мейманы.

-Алгач ирет, өзүңүздүн кесиптик таржымалыңызга токтолсоңуз?

1976-жылдан баштап Түркиядагы “Женгиз Иншаат”та иштеп келем. Эң башынан бери иштеп келе жаткандардын биримин. Шакирт болуп баштагам, тарбия алдым, азыр болсо устат болуп калдык. Тоо-кен тармагында көптөгөн тажрыйба топтодук. Андан бери аэропорт, деңиз портторун, фабрикаларды ж.б көптөгөн долбоорлорду курууга катыштым. Учурда Терексайда иштеп, тажрыйбаларым менен бөлүшүп жатам.

-“Эти Бакыр” компаниясы эмне үчүн иш жүргүзүү үчүн Кыргызстанды тандап алды?

-Биринчиден Кыргызстанда экономика төмөн абалда. Көп жылдар бою Советтик Союздун катарында болгонуңар үчүн өз алдынча өнүгө албай калган. Газ, нефть сыяктуу нерселер да чыкпайт. Билгеним боюнча малчылык анан бир аз туризм бар. Бул жакты биз мамлекет менен биргеликте иштетип жатабыз. Запасты казып алып иштетүү үчүн мамлекетиңер компания издеген,”Эти Бакыр”  алтынды иштете  турчу компания катары тандалып алынды. Бизге иштөөгө сиздердин мамлекет уруксаат берди, сиздердин иштөө шартыңар бизге жакты “биздин жердин запастарын силер чыгаргыла” деди. Бир өлкөдө жер байлыктары казылып алынбаса, иштетилбесе ал өлкөнүн өнүгүшү кыйын болот. Дуйнөнүн кайсы өлкөсү болсун газбы, нефть, жез же башка минералдар болобу, баары иштетилип, ошол өлкөнүн экономикасынын өнүгүп өсүшүнө пайдаланылышы керек. Өлкөлөр да муну колдонушу керек,болбосо акча асмандан жаабайт.

-Түрк эли үчүн кыргыздардын жана башка түрк элдеринин мааниси кандай?

-1992-жылдары совет союзу тарады. Ага чейин эле Түркия 70-жылдарда эле түрк элдери үчүн болушуп келген. Түрк мамлкететтерине кирген өлкөлөрдүн ичинен эң биринчи Азербайжанга барганбыз. 4-5 жылдай мамиле курууда кыйынчылыктарга туш болдук. Алар бизди кабыл алышпай жатышты. Андан кийин акырындан бизди түшүнө башташты. Бир дарактын ар башка бутагы болгонубузду, бир мамлекет экенибизди түшүнүштү.

Мен Кыргызстанга 2016-жылы келдим, көп кыйынчылык туш болдук. Эмне үчүн? Суйлөшө албадык, тил маселеси бар. Түрк дегенде — башка улут деп түшүнүшөт. Бир тукумдун балдары экенибизди билишпейт. Бул жак силердин Ата Журтуңарбы? Менин дагы Ата Журтум. Силер кыргызсыңар, биз түркпүз. Сиздер бул топурактар менин Ата Журтум дейсиңер, мен дагы бул жерлер менин Ата Журтум дейм. Демек, мен чоочун адам эмесмин. Кыргызстан менин бир бөлүгүм. Муну мамлкет жакшы билет, тилекке каршы, жарандар билишпейт.

Түркияда 7 жаштагы баладан сурасан жети түрк мамлекетинин атай алат. Анткени ата-бабалары аларды өз тууганы, өз мамлекети, топурагы жана Ата Журту экенин айта берип, кулагына сиңирип койгон. Бул жактагы 30, 40, 50 жаштагы адамдан сурасаң, 5 пайызы гана бул тууралуу билет. Бул советтик пропоганданын таасири, деп түшүнөм.

Мисалы “Манас” эпосу дүйнөгө таанымал. Манас — кыргыздардын атасы, Манас — менин дагы атам деп айта алам. Манас баатыр 40 чоросу менен элин-жерин коргогон. Кытайлар менен согушуп келе жатышканда катууу жаан жаап, селдер жүрү өтө албай чоролору шейит болгон. Биз бөтөн эл эмеспиз. Муну эң алгач калкка жеткирүү керек. “Эти Бакыр”дын бул жактагы максаты силердин алтынды алып кетүү эмес. Мунун пайдасы Кыргызстанга да тиет. Эгер компания бул жакта иш жүргүзүп жатса, мамлекеттин көзөмөлү аркылуу болуп жатат. Эл дагы муну көзөмөлдөп жатат. Компанияда башкы мүдүр, жардамчылары бар, ошол эле учурда мамлекеттик ишканалардан келип отчет алгандар да бар. Алар аркылуу кыргыз мамлекети кабар алып турушат. Компания социалдык иштерге дайыма жардам көрсөтүп келет.

-Жогоруда айтып өттүңүз, тажрыйба бөлүшүп жатам, деп. Кандай сапаттарды үйрөтүп жатасыз жергиликтүү жумушчуларга?

-Коммунисттик мезгилден өтүп капиталисттик заманда жашап келебиз. Биз ошол тартипти сиздерге үйрөтүп жатабыз. Менин астымда 400 гө жакын жумушчу иштейт: айдоочулар, операторлор, фабриканын жумушчулары. Аларга бул тууралуу дайыма айтып, үйрөтүп келебиз. Бул компания бир окуу жай сыяктуу. Азыр капиталисттик заман, иштесен тиштейсин, иштебесен эч нерсе таба албайсын. Ошондуктан биринчи ишти жакшы үйрөш керек.

Али Тургай бул жакка эмнег келди? Эмнеге Түркиядан айдоочу, инженерлер келишти? Бул жакта адистердин азыдыган. Бир канча жыл мурун Түркияда дагы ушундай эле система болгон. Тоо-кен ишин билчү эмепспиз.  Канадалыктар келип, биз алардан үйрөндүк тоо-кен ишин. Бирок азыркы учурда биз алардан аштык. Кандайча? Анткени биз үйрөнүп алдык. Азыр сиздер да ушундай абалдасыз. Бизден бул ишти үйрөнүшүңөр керек. Силер үйрөнгөндөн кийин, менин бул жакта болушмдун кажети калбайт. Өз ишиңерди өзүнөр кылып кетишиңер керек. Ошондо кыргыз мамлекети өнүгүп, башка түрк мамлекеттери менен жаркын келечекке жол улай алат.

-Кызыктуу маегиңизге рахмат.