“Эти Бакыр Терексай” ишканасы металлургия өндүрүшүнүн кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт!

41

“Эти Бакыр Терексай” ишканасы металлургия өндүрүшүнүн кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт!
Азыркы кезде “Эти Бакыр Терексай” компаниясы 1000 адамдан ашуун иш орундарын түздү. Алардын көбү Терек-Сай, Кызыл-Токой айылдарынын жана Ала-Бука райондорунун тургундары. Кызматкерлердин сапаттуу иш алып баруусу үчүн жетекчилик тарабынан коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү аракети көрүлүүдө.
Жаңы алтын ылгоочу фабриканын курулушуна 500гө жакын адам иш алып барууда. Курулуштун 50 пайызы аяктап, эң татаал иш артта калды, деп ишенимдүү билдире алабыз. Эми жыл аягына чейин жаңы алтын ылгоочу фабриканы бүтүрүп, ишке киргизүү аттуу маанилүү тапшырма турат.
Урматтуу достор! Сиздерге бекем ден-соолук, асыл эмгегиңизди ийгилик коштоп, бакыт-таалай, бакубатчылук жана тынчтык каалайбыз.
Ак ниеттүү каалоо-тилектер менен,
“Эти Бакыр Терексай” ЖЧК.

“Эти Бакыр Терексай” ишканасы металлургия өндүрүшүнүн кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт!