Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

Ала-Бука районунун ишкерлери “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Кечээ, 2021-жылдын 30-сентябрында “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын коомчулук менен байланыш бөлүмү Ала-Бука районунун бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү үчүн таанышуу турун уюштурду. Делегациясынын курамын тигүү, эмерек, консалтинг жана башка тармактардын ишкерлери түзүп, аны Ала-Бука районунун акими Нурбек Сатаров жетектеди.

Коноктор Тереккан карьеринин иши жана жаңы алтын бөлүп чыгаруучу фабриканын жүрүшү менен таанышты. Андан соң “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын каржы директору Ахмет Тунжел менен жолугушуу болду. Тараптар компания жана жергиликтүү бизнес үчүн өз ара пайдалуу кызматташуунун жолдорун талкуулашты.

“Ири компаниянын ишмердүүлүгү, биринчи кезекте, жергиликтүү райондор жана айылдар үчүн экономикалык пайда алып келет. Инвестор керектүү нерселерин бул жактан сатып алат жана ошондой эле тендерге жергиликтүү ишканалар катышат. Негизги шарт – ишкананын атаандаштыкка жөндөмдүү болушу жана өндүрүлгөн товардын эл аралык талаптарга жооп бериши”, — деди Ахмет Тунжел.

Акимдин айтымында, “Эти Бакыр Терексай” Жалал-Абал облусунун эң ири тоо кен ишканаларынын бири болуп саналат. Налогдордон  тышкары 6 жылдан бери азык-түлүк жана башка керектүү товарларды сатып алуу менен жергиликтүү бизнеске чоң салым кошуп келет.

Тараптар “Эти Бакыр Терексай” менен Ала-Бука жана Чаткал  райондорунун ишкерлеринин ортосунда өз ара пайдалуу кызматташууну күчөтүү жыйынтыгына келишти.

“Эти Бакыр Терексай” жоопкерчилиги чектелген коому тиешелүү 25% жана 75% пайыздык үлүштөру менен “Кыргызалтын” ачык акционердик коому жана “Эти Бакыр” акционердик коому  менен биргелешкен ишкана болуп саналат. Ошол эле учурда долбоорду толугу менен каржылоону түрк тарап өз колуна алды. Алтынды кайра иштетүүчү жаңы фабриканы жана бүтүндөй өндүрүш комплексин куруу, анын ичинде кендерди иштетүү үчүн «Эти Бакыр» акционердик коомунан 200 миллион долларга жакын инвестиция талап кылынат.

Ала-Бука районунун ишкерлери “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты  Ала-Бука районунун ишкерлери “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын ишмердүүлүгү менен тааныштыАла-Бука районунун ишкерлери “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын ишмердүүлүгү менен тааныштыАла-Бука районунун ишкерлери “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын ишмердүүлүгү менен тааныштыАла-Бука районунун ишкерлери “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын ишмердүүлүгү менен тааныштыАла-Бука районунун ишкерлери “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын ишмердүүлүгү менен тааныштыАла-Бука районунун ишкерлери “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын ишмердүүлүгү менен тааныштыАла-Бука районунун ишкерлери “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын ишмердүүлүгү менен тааныштыАла-Бука районунун ишкерлери “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын ишмердүүлүгү менен тааныштыАла-Бука районунун ишкерлери “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын ишмердүүлүгү менен тааныштыАла-Бука районунун ишкерлери “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын ишмердүүлүгү менен тааныштыАла-Бука районунун ишкерлери “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын ишмердүүлүгү менен тааныштыАла-Бука районунун ишкерлери “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын ишмердүүлүгү менен тааныштыАла-Бука районунун ишкерлери “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын ишмердүүлүгү менен тааныштыАла-Бука районунун ишкерлери “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Похожие новости

“Эти Бакыр Терексай” ишканасы Өрүктү айылынын тургундарына социалдык жардам көрсөттү

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” ишканасынын коомчулук менен байланыш бөлүмү тарабынан уюштурулган окуучулар арасында дилбаян сынагы жыйынтыкталды

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” тургундарга жылдык отчетун берди

etibakir
%d bloggers like this: