Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

AZER GOLD ЖАКы менен ETI BAKIR түрк компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү

AzerGold жабык акционердик коому Түркиянын эӊ ири жеке компанияларынын бири болгон Cengiz Holdingин туунду компаниясы Eti Bakır АКынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер жогорку деӊгээлде экени жана экономикалык сферада, айрыкча тоо-кен сферасында кызматташтыкты кеӊейтүү үчүн чоӊ мүмкүнчүлүктөр бар экени белгиленди.

AzerGold ЖАКынын башкармалыгынын төрагасы Закир Ибрагимов компаниянын ишмердиги жөнүндө кеӊири айтып берди жана тоо-кен тармагын өнүктүрүү боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө сөз кылды. Башкармалыктын төрагасы AzerGold 2021-2027-жылдарда дагы 6 алтын кенин, анын ичинде 1 полиметаллдык кенди жана 4 жез кенин, анын ичинде Човдар сульфиддик стадиядагы алтын кенин ишке киргизүүнү пландап жатканын кабарлады.

Андан кийин Eti Bakır АКынын башкармалыгынын төрагасы Шереф Дженгиз компания жөнүндө кеӊири баяндап, компаниянын Түркиянын жана региондун жез жана металлургия тармактарындагы лидерлик позициялары жөнүндө айтып берди. Дженгиз Анкарада өткөн айда болуп өткөн түрк-азербайжан бизнес-форумунун алкагынад Азербайжан өкмөтү менен «Eti Bakır» АКынын ортосунда түзүлгөн кызматташтык жөнүндө макулдашуу тоо-кен сферасындагы өнөктөштүккө маанилүү салым кошорун белгиледи. Түрк мейман жез кендерин иштетүүнү жана металлургиялык өнөр жайды өнүктүрүүнү колдоого даярлыгын билдирди.

Закир Ибрагимов Армиянын Жогорку Башкы командачынын жетекчилиги алдындагы даӊктуу жеӊишинин натыйжасында бошотулган Карабах региону чоӊ экономикалык потенциалга ээ экенин, ал эми бул ресурстар тоо-кен сферасындагы эки тарапттуу кызматташтык үчүн кеӊири мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын айтты. Башкармалыктын төрагасы AzerGold ЖАКы, мамлекеттик компания катары, бул сферадагы түрк компаниялары менен достук жана бир туугандык мамилелерди колдоого дайыма даяр экенин белгиледи.

Тараптар тоо-кен тармагында, геологдук чалгындоодо колдонулуучу алдыӊкы технологияларды, ресурстарды жана кен ресурстарын эл аралык стандарттарга ылайык баалоо методикасын үйрөнүү жана башка маселелер боюнча пикир бөлүшүштү. Жыйынтыгында тажрыйба алмашуунун алкагында техникалык персоналдын өз ара ишсапарларын уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алынды.

AZER GOLD ЖАКы менен ETI BAKIR түрк компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттүAZER GOLD ЖАКы менен ETI BAKIR түрк компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттүhttps://azergold.az/media/press-relizler/turkiyenin-eti-bakir-sehmdar-cemiyyetinin-numayendeleri-ile-gorus-kecirilib

Похожие новости

“Эти Бакыр Терекесай” ишканасынын жетекчилиги жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундар тарабынан жолду жабуу маселесин талкуулады

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” компаниясы 140 миң сомдук спонсордук жардам көрсөттү

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсы жаңы тез жардам унааларын сатып алды

etibakir
%d bloggers like this: