Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

Тереккан участогундагы бургалоо-жардыруу иштери бекитилген долбоордун негизинде ишке ашып жатат

Бүгүн, 2022-жылдын 24-июлунда Тереккан кенинде жүргүзүлгөн жардыруу иштеринин видеосу социалдык тармактарга тарады. Буга байланыштуу “Эти Бакыр Терексай” төмөнкү маалыматты билдирет:

Компаниянын адистеринин маалыматына караганда, видеого түшүп калган Тереккан кениндеги жардыруу иштери ушул жылдын 22-июлунда орун алган. Кенди казып алууга байланышкан бардык жардыруу иштери бурголоо-жардыруу боюнча Долбоорго ылайык жүргүзүлүп, техникалык жана санитардык нормалар сактоо менен ишке ашырылат. Белгилей кетсек, ар бир жардыруу болоор астында дыкат иликтөөлөр жасалып, анын жыйынтыктары атайын паспортторго катталат.

Бурголоо-жардыруу боюнча Долбоордо калк жайгашкан жерлердин аралыгы так жазылган. Азыркы учурда өндүрүштүк иштер жакынкы турак-жайлардан 500 метр аралыкта жүргүзүлүп, аларга таасирин тийгизген жок экенин белгилейбиз.

Кошумчалай кетсек, Тереккан кенинде иштерди баштоо астында “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын сейсмологиялык курулуш жана инженердик долборлоо мамлекеттик институтунун адистерин чакырган. Ага ылайык, бардык бурголоо-жардыруу иштери сейсмологдор тастыктаган жерлерде гана жүргүзүлүп жатат.

Тереккан участогундагы бургалоо-жардыруу иштери бекитилген долбоордун негизинде ишке ашып жатат

Похожие новости

“Эти Бакыр Терексай” ишканасы суу чачыраткыч жабдуусун сатып алды.

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” кызматкерлерин келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады

etibakir

Вели Гөкдере Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы менен жолугушту

etibakir
%d bloggers like this: