Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

Чаткал-Ала-Бука-Аксы автоунаа жолдорунун абалын жакшыртуу боюнча жыйын болуп өттү

Бүгүн 2-июнь саат 13:00 дө Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Чаткал-Ала-Бука-Аксы райондорунун акимдери жана “Эти Бакыр Терексай” ЖЧК , “Фулл Голд Майнинг” ЖЧК тоо-кен ишканаларынын өкүлдөрү катышкан жыйын болуп өттү.

Жыйында Чаткал-Ала-Бука-Аксы райондорунун аймагындагы автоунаа жолдорунун абалын жакшыртуу маселеси талкууланды жана Чаткал-Ала-Бука аймагында иш алып барган тоо-кен ишканаларынын оор жүк ташуушу автоунаалары каттаган бул жолдор бузулуп, жергиликтүү калктын нараазычылыгын жаратып жаткандыгы айтылды.

Чаткал-Ала-Бука-Аксы райондорунун эли каттаган Терек-Сай айылынан Таш-Көмүр шаарына чейинки 165 чакырым аралыктагы автоунаа жолунун абалын жакшыртуу талабы келип чыккандыгына байланыштуу бул маселени чечүү сунушталды.

Чаткал-Ала-Бука-Аксы автоунаа жолдорунун абалын жакшыртуу боюнча жыйын болуп өттүЧаткал-Ала-Бука-Аксы автоунаа жолдорунун абалын жакшыртуу боюнча жыйын болуп өттүЧаткал-Ала-Бука-Аксы автоунаа жолдорунун абалын жакшыртуу боюнча жыйын болуп өттүЧаткал-Ала-Бука-Аксы автоунаа жолдорунун абалын жакшыртуу боюнча жыйын болуп өттү

Похожие новости

AZER GOLD ЖАКы менен ETI BAKIR түрк компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” ишканасынын кызматкерлери чек арада жабыркагандарга жардам көрсөтөт

etibakir

” Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсы Терексай айылындагы маданият үйүндөгү китепканага китеп белек кылды

etibakir
%d bloggers like this: