Кечээ 2022-жылдын 19-май күнү Терек-Сай айылдык маданият үйүндө райондук мамлекеттик администрациянын демилгеси жана уюштуруусу менен райондогу тоо кен ишканалары жана район түргундары катышкан тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столдо негизинен, Чаткал районунун аймагында кен казуу ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан компаниялардын өндүрүш ишиндеги көп жылдардан бери эл тарабынан нааразылык жаралып, бирок чечилбей келе жаткан көйгөйлөр, экологиялык коопсуздук абалдын чөйрөгө тийгизип жаткан таасирлерин азайтуу, калктын коопсуздугун камсыз кылуудагы көйгөйлүү маселелерди чечүү жолдорун табуу маселелери ортого салынды.
Тоо кен компанияларынын башчылары өз компаниялары тууралуу кыскача маалыматтарды беришип, слайд аркылуу ишканаларында аткарылып жаткан иштерин катышуучуларга көргөзүштү.
Тегерек столго “Эти Бакыр Терексай” , “Вертекс Голд Компани”, “Джамгыр Майнинг”, “Чаарат ЗААВ”, “Кичи Чаарат” компанияларынын башчылары,өкүлдөрү катышышты.