Эти Бакыр Терексай
Image default
Рубрика "Подразделения компании"

Ден соолук борбору

“Эти Бакыр Терексай” ишканасынын ден-соолук борбору эмгекчилерди медициналык жактан тейлөө үчүн  өнөр жай ишканасында уюштурулган дарылоо-профилактикалык максаттагы имарат же жай болуп саналат.

Борбор бардык стандарттарга жана санитардык нормаларга толук жооп берет.

Ден соолук борбору буга чейин Техникалык коопсуздук бөлүмүнүн курамында иш алып барган. 2021-жылдын декабрь айынын тартып борборго Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо Министрлигинин атайын лицензиясы алынып  өз алдынча бөлүм катары иштеп баштаган.

Азыркы учурда “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын ден соолук борборунда  жалпысынан 11 киши эмгектенет. Алардын 2 врач,9 медайымдар. Кызматкерлердин бардыгы жергиликтүү тургундар болуп саналат. Кызматкерлер 15 күндөн смена мн иштешет.

Ден соолук борборунун милдеттери:

– Биринчи жана шашылыш медициналык жардам көрсөтүү

– Дары-дармек каражаттарын алуу жана эсепке алуу

– Жумушчуларга консультацияларды берүү жана медициналык кароолорду уюштуруу

– Персоналды алдын ала жана мезгилдүү медициналык кароодон өткөрүүнү уюштуруу

– Медициналык иш кагаздарын жүргүзүү, медициналык китептерди жүргүзүү ж.б

Компанияда 1000 ашуун адам иштегендиктен  борборго кайрылуулар да көп болот. Ошол себептен борборго өзүнчө лицензия алууга,мыйзамдаштырууга негиз келип чыккан. Медицина үчүн лицензия алууда дарыгерлердин тажрыйбасы,мед пункттун иш алып баруусу талапка жооп берүүсү шарт. Дарыгерлердин категориясы,квалификациясы,сертификаттары да болуусу керек. Декабрь айында Саламаттыкты сактоо министрлигинен каттоодон өтүлүп,борборго лицензия алынган. Компаниянын кээ бир кызматкеринин көбү жергиликтүү персонал болгондуктан башка жактан албай  квалификациясын жогорулатуу максатында окуулары компания тарабынан каржыланып ,сертификат алынды. Борборго тажрыйбасы жок мед кызматкерлер дароо жумушка алынбайт. 3 жыл дарылоо мекемелеринде иштеп келүүсү жана сертификаты болушу керек.  Квалификацияларды жогорулатуу максатында дарыгерлер ар дайым атайын окуулардан өтүп турушат. Азыркы учурда дагы онлайн окуулар жүргүзүлүп жатат.

Келген бейтаптарга ар түрдүү медициналык кызматтар көрсөтүлөт. Борборго күн сайын 30 дан 60 ка чейин кайрылгандар болот. Өзгөчө суук мезгилдерде бейтаптардын да саны өсөт.

Оор абалда келген бейтаптарга биринчи жардам көрсөтүлөт андан кийин Ала-Букага жөнөтүлөт. Тез жардам  унаасы менен бул жактан бейтап менен кошо дарыгер  да жөнөтүлөт.

Азыркы учурда температура,кусуу,ич өтүү  сыяктуу оорулар менен кайрылгандар көп. Covid тестин тапшырганда  көбүнүкү терс чыгууда. Борбордун дарыгерлери  бейтаптын симптомдорго жараша дарылануу жазып беришет. Кыскача дарылануу даярдалат.

Ден соолук борборуДен соолук борборуДен соолук борборуДен соолук борборуДен соолук борборуДен соолук борборуДен соолук борборуДен соолук борборуДен соолук борборуДен соолук борборуДен соолук борборуДен соолук борборуДен соолук борборуДен соолук борборуДен соолук борбору

 

 

 

Похожие новости

АДМИНИСТРАТИВДИК-ЧАРБА БӨЛҮМҮ 

etibakir

Өндүрүштүк-техникалык бөлүм

etibakir

Геология бөлүмү

etibakir
%d bloggers like this: