Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

“Эти Бакыр Терекесай” ишканасынын жетекчилиги жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жергиликтүү тургундар тарабынан жолду жабуу маселесин талкуулады

2021-жылдын 12-декабрында эртең менен Тереккан карьерине баруучу жолдо Компаниянын самосвалынын үч айдоочусу жол эрежесин бузушкан, ал эми “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын жетекчилиги буга дароо реакция кылып, бул айдоочуларга сөгүш жарыялаган болчу. Бул кызматкерлердин нааразычылыгын жаратып, жетекчилик компаниянын жол эрежесин бузган айдоочуларынан жүк ташуучу унаалардын ачкычын тапшырууну суранды. Эреже бузган жумушчулар башка тургундарды чогултушуп ошол эле күнү саат 14:00дөн кийин “Эти Бакыр Терексай” ишканасына жана Башкы кеңсеге баруучу жолду тосушту. 50гө жакын адам жол кыймылын токтотуп, Компаниянын кызматкерлерин жумуш орундарына киргизбей коюшкан.

13-декабрь күнү эртең менен “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын жетекчилиги Чаткал райондук администрациясынын, Терек-Сай айыл аймагынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолдорун талкуулашты.

 

Похожие новости

“Эти Бакыр Терексай” кар көчкүдөн улам кете албай калган жүргүнчүлөрдү жатакана жана тамак менен камсыз кылды

etibakir

 “Эти Бакыр Терексай” ишканасы түшүм майрамына демөөрчүлүк жардам көрсөттү.

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” ишканасы Өрүктү айылынын тургундарына социалдык жардам көрсөттү

etibakir
%d bloggers like this: