2022-жылдын 7-февраль күнү Кызыл-Токой айылынын кире беришинде турган контейнер айылдын борборуна жайгаштырылды. Аны жүктөп, ташууга “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын 2 техникасы тартылды.
Кызыл-Токой айылынын башчысы Максат Жолдошбековдун айтымында бул контейнер пандемия үчурунда элдик көзөмөл катары колдонулган. Азыркы учурда ага зарылчылыгы жок болгондуктан айылга алынып келинди. Мындан ары участкалык милиция кызматкерлеринин иш орду болмокчу.
Кызыл-Токой айыл башкармалыгы буга чейин Терек-Сай айыл өкмөтүнө контейнерди көчүрүүгө жардам сурап кайрылышкан. Терек-Сай айыл өкмөтү бул маселе боюнча “Эти Бакыр Терексай” ишканасына кайрылган. Жыйынтыгында ишкана 2 техника бөлүп берди.
