Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

“Эти Бакыр Терексай” ишканасы тоо-кен тармагы боюнча ардагерлердин эмгегин жогору баалайт

Бүгүн, 2021-жылдын 11-майда, “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын башкы мүдүрү Вели Гёкдере тоо-кен тармагынын ардагери Эшалы Жаркулов менен жолугушту. Ал көп жылдар бою Терексай кенинде эмгектенген.
Быйыл Эшалы Жаркуловго 87 жаш толду. Ал тоо-кен тармагынын өнүгүшүнө жана Терек-Сай айылынын түптөлүшүнө чоң салымын кошкон. Эшалы карыя чай үстүндө жаш чагын эскерип, совет маалындагы иш күндөрү тууралуу айтып берди.
Вели Гёкдере Терексай кениндеги азыркы абал тууралуу маалымат берип, “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын жаңы багыты тууралуу сөз кылды.
Баарлашуу жагымдуу белек-бечкек тапшыруу менен аяктады. Жеңиш күнү, 9-майга карата Вели Гёкдере Эшалы Жаркуловго 5 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык жана азык-түлүк баштыгын тапшырды. Мындан тышкары анын мээнеткечитигин жогору баалап, ардагерге чың ден-соолук, узун өмүр жана ачык маанай каалап өттү.
Белгилей кетсек, “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКнын дарегине Терек-Сай айыл аймагынын администрациясынын атынан тоо-кен ишинин ардагерлерин куттуктоону суранган расмий кат келип түшүп, аны компаниянын жетекчилиги тез арада ишке ашырды.

“Эти Бакыр Терексай” ишканасы тоо-кен тармагы боюнча ардагерлердин эмгегин жогору баалайт“Эти Бакыр Терексай” ишканасы тоо-кен тармагы боюнча ардагерлердин эмгегин жогору баалайт“Эти Бакыр Терексай” ишканасы тоо-кен тармагы боюнча ардагерлердин эмгегин жогору баалайт“Эти Бакыр Терексай” ишканасы тоо-кен тармагы боюнча ардагерлердин эмгегин жогору баалайт“Эти Бакыр Терексай” ишканасы тоо-кен тармагы боюнча ардагерлердин эмгегин жогору баалайт“Эти Бакыр Терексай” ишканасы тоо-кен тармагы боюнча ардагерлердин эмгегин жогору баалайт

Похожие новости

Бүгүн компаниябызда ишембилик болуп өттү

etibakir

2022-жылдын январь-июнь айларында коомчулук менен иштөө бөлүмүнө түшкөн каттардын талдоосу

etibakir

«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы Терек-Сай айылында айланма жол курду.

etibakir
%d bloggers like this: