Эти Бакыр Терексай
Image default
Видеогалерея Кабарлар

“Эти Бакыр Терексай” ишканасы Ыйык рамазан айында гуманитардык жардам көрсөттү.

“Эти Бакыр Терексай” ишканасы Ыйык Рамазан айына карата Чаткал жана Ала-Бука райондорундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, улгайган адамдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жалпысынан 500 үй-бүлөгө азык-түлүк жагынан жардам көрсөттү. Ар бир үй-булөгө ун, май, шекер, макарон жана башка биринчи керектелген азык-түлүк баштыктарын даярдап, Терек-Сай айылынын аз камсыз болгон 200 үй-бүлөгө таратты.
“Эти Бакыр Терексай” ишканасынын административдик чарбалык бөлүмүнүн башчысы Салтанат Кенжетаеванын айтымында, ишканада иштебеген үй-бүлөлөргө жардам берилди.
Жалпысынан компания тарабынан 500 азык-түлүктөн турган куту даярдалган. Анын 200 Терек-Сай айылына багытталса, Ала-Бука районуна – 100, Чаткал районуна – 100 азык-түлүк кутулары бөлүндү. Мындан тышкары, Чаткал районунун Сумсар жана Шекафтар айылдарына чогулуп 100 баштык камдалган, анткени ал айылдарда дагы жардамга муктаж адамдар арбын.
Белгилей кетсек, “Эти Бакыр Терексай” ишканасы жыл сайын Рамазан айында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көңүл бөлүп, азык-түлүк жагынан гуманитардык жардам берип келет.

Похожие новости

AZER GOLD ЖАКы менен ETI BAKIR түрк компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү

etibakir

 “Эти Бакыр Терексай” ишканасы түшүм майрамына демөөрчүлүк жардам көрсөттү.

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” видеосу-New Tv каналы

etibakir
%d bloggers like this: