Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

“Эти Бакыр Терексай” кар көчкүдөн улам кете албай калган жүргүнчүлөрдү жатакана жана тамак менен камсыз кылды

11.03.2022 Чаткал жолундагы Чапчыма ашуусунда кар көчкү жүрдү. Анын кесепетинен Чаткалга бара жаткан жүргүнчүлөр жолдорун уланта албай калышкан. Терек-Сай айыл өкмөтүнүн өтүнүчү менен “Эти Бакыр Терексай” ишканасы 54 адамды Арчасуудагы кеңсесинде тамак-аш, жатакана менен камсыз кылды.
“Эти Бакыр Терексай” ишканасынын башкы мүдүрү Вели Гөкдере : “Айыл өкмөттүн кайрылуусу менен жардам берүүнү колдодук. Кете албай калган адамдардын саны дагы көп болгонуна байланыштуу колубуздан келишинче жардам берүүгө аракет кылдык. Ишканабыз социалдык жактан дайыма колдоо көрсөтүп келет”-деп билдирди.
Бүгүн 15-март күнү кар көчкү толугу менен тазалынып жолдор ачылды. Тазалоо иштерине “Эти Бакыр Терексай” ишканасы кошумча жардам катары техника менен бирге күйүүчү май да бөлүп берди. Тургундар араларында улгайган кишилер, оорулуулар, жаш балдар бар экендигин айтышып,жылуу жатакана,3 маал ысык тамак менен 3 күн бою камсыздаган “Эти Бакыр Терексай” ишканасына ыраазычылык билдирип өтүштү.
“Эти Бакыр Терексай” кар көчкүдөн улам кете албай калган жүргүнчүлөрдү жатакана жана тамак менен камсыз кылды“Эти Бакыр Терексай” кар көчкүдөн улам кете албай калган жүргүнчүлөрдү жатакана жана тамак менен камсыз кылды“Эти Бакыр Терексай” кар көчкүдөн улам кете албай калган жүргүнчүлөрдү жатакана жана тамак менен камсыз кылды“Эти Бакыр Терексай” кар көчкүдөн улам кете албай калган жүргүнчүлөрдү жатакана жана тамак менен камсыз кылды“Эти Бакыр Терексай” кар көчкүдөн улам кете албай калган жүргүнчүлөрдү жатакана жана тамак менен камсыз кылды“Эти Бакыр Терексай” кар көчкүдөн улам кете албай калган жүргүнчүлөрдү жатакана жана тамак менен камсыз кылды“Эти Бакыр Терексай” кар көчкүдөн улам кете албай калган жүргүнчүлөрдү жатакана жана тамак менен камсыз кылды

Похожие новости

Кызыл-Токой айылынын тургундары “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын калдык сактоочу жайынын курулуш иштери менен таанышышты

etibakir

Түркияда бүгүн Республика күнү белгиленип жатат

etibakir

 “Эти Бакыр Терексай” ишканасы түшүм майрамына демөөрчүлүк жардам көрсөттү.

etibakir
%d bloggers like this: