Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

«Эти Бакыр Терексай» компаниясы WEF чемпионатын Терек-Сай айылында өткөрүүнү колдоду.

Дүйнөлүк Эртаймаш федерациясынын (WEF) биринчилиги эрежесиз уруш боюнча – биринчи жолу Жалал-Абад облусунун Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Токой айылында болуп өттү. Кыргызстан менен Өзбекстандын мушкерлери катышкан масштабдуу иш-чарада “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсы демөөрчүлөрүнүн бири болду .

Чемпионатка Кызыл-Токой айылынан төрт мушкер катышты. Алардын экөө.: Дөөлөтбек Нарматов 66 кг салмакта , Майрамбек Ибрагимов 70 кг салмакта чемпион аталышты.

Кыргыз курама командасынын залдагы жигердүү күйөрмандардын бири “Эти Бакыр Терексайдын” башкы мүдүрү Вели Гөкдере болду. Анын айтымында, мушкерлер укмуштай оюн көрсөтүштү.

«WEF чемпионаты биринчи жолу Терек-Сайда өткөрүлгөнүнө карабастан, уюштуруучулар иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүштү. Мен өзүм спортко жакынмын жана спорт менен машыккан жаштарды колдойм. Эгерде жаш балдар спорт менен машыкса, анда алар тамеки тартуудан жана алкоголдон алыш болушмак », – деди компания жетекчиси.

“Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсы Терек-Сай айылынын коомдук жана маданий турмушуна активдүү катышып, жергиликтүү тургундардын муктаждыктары менен каалоолоруна көңүл бурат. Компания 2016-жылдан 2020-жылга чейин Терек-Сай айылына каралган жылдык социалдык пакеттерди төлөөдөн тышкары Республикалык бюджетке салык жана 32 миллион сомдон ашык суммадагы демөөрчүлүк жардам көрсөткөн.

«Эти Бакыр Терексай» компаниясы WEF чемпионатын Терек-Сай айылында өткөрүүнү колдоду.«Эти Бакыр Терексай» компаниясы WEF чемпионатын Терек-Сай айылында өткөрүүнү колдоду.«Эти Бакыр Терексай» компаниясы WEF чемпионатын Терек-Сай айылында өткөрүүнү колдоду.«Эти Бакыр Терексай» компаниясы WEF чемпионатын Терек-Сай айылында өткөрүүнү колдоду.

Похожие новости

Сатып алуу бөлүмү

etibakir

Терек-Сай айылында жайгашкан Чымканаев атындагы мектептин шыбы урап, жабыркагандарга “Эти Бакыр Терекесай” ишканасы жардам көрсөтүүдө.

etibakir

«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын насостук станциясынын айланасында топтолгон суу санитардык-химиялык талаптарга жооп берет

etibakir
%d bloggers like this: