«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын кызматкерлеринин айлыгы 1-январдан тарта 13%га көтөрүлөт!
Мындай келишим ишкананын жетекчилиги менен Өмүрбек Усубалиев жетектеген Профсоюз комитетинин ортосунда түзүлгөн.
Жаңы жамааттык келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөргө ЖККБ Борбордук Комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Абдижалил Ташматов да катышты.
Абдижалил Мырзатаевичтин айтымында, тарифтик ставкаларды жана айлык акыларды, эмгек жана жашоо шарттарын жогорулатуудан тышкары, атайын кийимдердин жана бут кийимдердин сапаты жакшыртылып, кызматкерлерге социалдык төлөмдөрдүн көлөмү да көбөйтүлөт.
Ишкананын администрациясы менен профсоюзунун ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн мындан ары да чыңдалышын жана ийгиликтерди каалайбыз!




Кыргызстандын тоо-металлургиялык профсоюзу