Комиссиянын курамына 6 киши кирди, алардын арасында “Эти Бакыр Терексай” компаниясынын башкы мүдүрү Вели Гөкдере да бар. Анын айтымында тандоо оңой болгон жок.
«Сүрөт сынагынын ар бир катышуучусуна терең ыраазычылыгымды билдирем, анткени алардын ар бири өз чыгармачылыгын мыкты деңгээлде көрсөтүштү. Тилекке каршы, жеңүүчүлөрдүн саны чектелүү. Мен сүрөттү тандоодо эки нерсеге көңүл бурдум. Биринчиси, сүрөттүн эстетикалык жагы. Экинчиден, сүрөт тартуу идеясы. Мисалы, бир катышуучу коронавируска каршы күрөшүп жаткан “Эти Бакыр Терексай” дын экскаваторунун сүрөтүн тарткан. Бул абдан креативдүү ”, – деди Вели Гөкдере.
Сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрүн куттуктоо аземи 1-июнда болот.
«Комиссиянын ар бир мүчөсү өздөрүнө жаккан иши үчүн добуш беришти. Тандоо ачык өттү. Жыйынтыгын Эл аралык балдарды коргоо күнүндө жарыялайбыз ”, – деди компаниянын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Аида Абышкаева.
Эскерте кетсек, сүрөт сынагын уюштурууга “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсы тарабынан 80 миң сом бөлүнгөн. Сынак үч жаш категориясы боюнча өтүп, жеңүүчүлөргө планшет, велосипед жана Lego конструктор ж.б белектер тапшырылмакчы.




