Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

“Эти Бакыр Терексай” тургундарга жылдык отчетун берди

Бүгүн 2022-жылдын 31 январь күнү “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын жергиликтүү тургундарга 2021-жыл боюнча ишмердигинин жыйынтыгы тартууланды.

Иш-чара Терек-Сай айылынын маданият үйүндө өткөрүлүп ага Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев,Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Болот Аширбаев жана компаниянын жетекчилиги,кызматкерлери,Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарынын 60 ка жакын тургуну катышты.

“Эти Бакыр Терексай” ишканасынын башкы мүдүрү Вели Гөкдере:  “2021-жыл “Эти Бакыр Терексай” үчүн абдан маанилүү жыл болду. Бир топ иштер аткарылды. Бирок эң негизгиси, албетте, жаңы алтын  чыгаруучу фабриканын курулушунун бүтүшү. Объекттин курулушунда жүзгө жакын адам иштеди. Учурда ишке киргизүү боюнча сыноо иштери аяктап жатат.

Иш менен камсыз кылуу маселесине келсек, “Эти Бакыр Терексай” долбоорунда биринчи кезекте жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылуу каралган. Өткөн жылы “Эти Бакыр Терексайда” иштегендердин саны 1200 адамдан ашты. Алардын 20% түрк жарандары, 80% кыргыздар.

Маалым болгондой, ишкана менен жергиликтүү бийликтин ортосунда фабрика ишке кирип, кен чыккандан кийин социалдык пакеттин көлөмү 20 миллион сомго көбөйөт деген келишим бар.

Мен ишкананын башкы директору катары калк менен иштөөгө өзгөчө көңүл бурам. Белгилүү болгондой, бизде коомчулук менен байланыш бөлүмү бар. Ар бир келип түшкөн кайрылууну жеке кароого аракет кылам.

Ооба, чаңга, өндүрүш процессине, жол эрежесин бузган кызматкерлерге байланыштуу көйгөйлөр бар… Тез жооп берип, көйгөйлөрдү чечкенге аракет кылабыз.”-деп билдирди өз сөзүндө.

Иш-чаранын жүрүшүндө компаниянын коомчулук менен иштөөдө 2021-жыл жыйынтыгы, ишканадагы 2021-жылга карата кадрдык өзгөрүүлөр, экологиялык экспертизанын жыйынтыктары, 62 үйдү көчүрүү боюнча абал тууралуу отчеттор берилди.

Тургундар өз кезегинде экологиялык маселелерди,таза суу,жол боюнча  маселелерди көтөрүштү. Негизинен айылдын көйгөйлөрү талкууланды.

“Эти Бакыр Терексай” тургундарга жылдык отчетун берди“Эти Бакыр Терексай” тургундарга жылдык отчетун берди“Эти Бакыр Терексай” тургундарга жылдык отчетун берди“Эти Бакыр Терексай” тургундарга жылдык отчетун берди“Эти Бакыр Терексай” тургундарга жылдык отчетун берди“Эти Бакыр Терексай” тургундарга жылдык отчетун берди“Эти Бакыр Терексай” тургундарга жылдык отчетун берди“Эти Бакыр Терексай” тургундарга жылдык отчетун берди“Эти Бакыр Терексай” тургундарга жылдык отчетун берди“Эти Бакыр Терексай” тургундарга жылдык отчетун берди“Эти Бакыр Терексай” тургундарга жылдык отчетун берди“Эти Бакыр Терексай” тургундарга жылдык отчетун берди“Эти Бакыр Терексай” тургундарга жылдык отчетун берди“Эти Бакыр Терексай” тургундарга жылдык отчетун берди“Эти Бакыр Терексай” тургундарга жылдык отчетун берди

Похожие новости

“Эти Бакыр Терексай” ишканасы Өрүктү айылынын тургундарына социалдык жардам көрсөттү

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” компаниясы 7 студенттин контрагын төлөп окутат

etibakir

Кызыл-Токой айылынын тургундары “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын калдык сактоочу жайынын курулуш иштери менен таанышышты

etibakir
%d bloggers like this: