Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

“Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсы Терек-Сай айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалына оң таасирин тийгизүүдө

Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл аймагындагы 62 турак-жайды көчүрүү боюнча массалык маалымат каражаттарына тарап кеткен маалымат боюнча “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсы азыркы абал жана ишкананын ишмердиги тууралуу толук маалымат берүүнү туура көрөт.
«Эти Бакыр Терексай» кыргыз-түрк ишканасы 20.01.2016-жындан №4520 AE Лицензиясына ээ болуп, географилык жактан Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан Терек, Тереккан жана Перевельное кендерин иштетүү укугун алган. Лицензиянын аянты 1497 га түзүп, 2036-жылга чейин берилген.
Тоо кыркасынын этегинде жайгашкан 62 үй коопту жерде орун алып, жаратылыш кырсыктарына кабылуу кокустугу жогору (таш кулоо, сел жүрүү, жер көчкү).
Жыл башында «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы тургундарга 62 турак-үйдү сатып алуу сунушу менен кайрылып, бул жергиликтүү айыл өкмөтүнө кабарлаган.
Үйүн сатуу сунушу ыктыярдуу түрдө жүргүзүлүп, адилеттүү акчалай сыйлык төлөп берүү каралган. Бул максатта “Эти Бакыр Терексай” көз карандысыз баалоо компаниясын чакырып, анын өкүлдөрү тургундардын мүлкүн адилеттүү баасын чыгарып берет. Турак-жайлардын каражаты жаңы тамдын курулушунун чыгымдары катары базар баасындагы азыркы бааларга ылайык эсептелет.
Долбоорго ылайык, аталган кенде казуу иштери ачык түрүндө жүргүзүлөт. Мында чаңдын кесепетин азайтуу боюнча компания эксплуатациялык жолдор жана айыл аймак ичиндеги жолдорго күнүнө бир нече ирет суу сээп келет. Мындан тышкары карьерлерге суу замбиректерин сатып алууда.
Экологиялык экспертиза көрсөткөндөй, токой жана бадалдар тоо кендердин аймагынынын 10% ээлейт. Аймакка тиешелүү уникалдуу өсмүдүктөрдүн түрү аныкталган эмес. Андыктан биотүрдүү чөлкөмгө коркунуч жок. Долбоордун алкагында кыйылган бак-дарактарды толуктоо иши каралган, Терек-Сай айыл өкмөтүнүн Курук-Сай жерине бак отургузулат.
Жалпысынан 97 га жер жашылдандырылат. Бул максатта “Эти Бакыр Терексай” ЖЧК КРнын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгына 44,2 млн сом төлөп берилген.
Кен иштетүүдө жүгүртмө сууну пайдалануу системасы киргизилип, суунун кошулмасын көп жолу пайдаланып, калдык сактоочу жайга төгүлбөйт. Бул деген, зыяндуу заттар дарыяга кошулуу коркунучу толугу менен жокко чыгарылат дегенди түшүндүрөт.
Жерди калыбына келтирүү иштери долбоор аяктагандан кийин ар бир участокто КРнын Өкмөтү бекиткен Токтомдун негизинде “Жерлерди рекультивациялоо пайдаланууга берүү жобосуна” ылайык жүргүзүлөт.
Бүтүмдө белгиленгендей, Терек, Тереккан жана Перевальное кендерин иштетүү Терек-Сай айыл аймагына жана бүтүндөй аймакка социалдык-экономикалык жагынан оң таасирин тийгизет, деп жазылат. Мисал катары, 2021-жылы Терек-Сай айыл аймагы дотациялык аймактардын тизмесинен чыгып, өзүн өзү актоочу органга чыкты.
КРнын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттинин эксперттик комиссиясы “Айлана-чөйрөгө тийгизген таасирди баалоо” Бөлүмүнө карата мамлекеттик экологиялык экспертиза оң көз караштагы бүтүм чыгарган.
“Эти Бакыр Терексай” ЖЧК Терек-Сай айылдык кеңеш менен “2016-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык колдоо (социалдык пакет) көрсөтүү тууралуу” макулдашуу түзүп, жыл сайын жергиликтүү бюджетке 15 млн сом төлөп келет. Алтын өндүрүлүп баштагандан тарта бул сумма 20 млн сомго чыгат.
Бүгүнкү күндө ишканада 1000ден ашуун адам эмгектенүүдө, анын 90% Кыргызстандын жарандары. 600дөн ашууну Терек-Сай айыл аймагы жана ага жакын айылдардын тургундары болуп саналат. Ал эми чет элдик кызматкерлердин саны 193 адамды түзөт.
2021-жылдын беш айында гана “Эти Бакыр Терексай” ишканасы 317 млн сом салык жана салык эместик төлөмдөрдү республикалык бюджетке төктү. 2016-жылдан тарта бюджетке төлөнгөн жалпы сумма 1,6 млрд сомду же 19 млн АКШ долларын түздү. Белгилей кетсек, бул алтын иштетүүчү фабриканын курулуп жаткан маалында төлөнгөн төгүм. Ал эми фабрика ишке киргенден кийин салыктардын көлөмү кыйла жогорулайт.
Мындан тышкары, компания айыл аймактын социалдык-экономикалык абалына каралашып, айыл тургундарына демөөрчүлүк жардам көрсөтүп келет. 6 жылда демөөрчүлүк жардамдын көлөмү 35 млн сомдон ашты.
Ал эми 2020-жылы орун алган карантин тартибинде компания тарабынан жергиликтүү элге 4 млн сомдон ашуун каражатка гуманитардык жардам көрсөтүлгөн. Белгилей кетсек, мындай гуманитардык жардам Орозо Айт жана Курман Айт майрамдарында дайыма көрсөтүлүп келет.
“Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсы биргелешкен ишкана, 25% үлүшү Кыргызстандык “Кыргызалтын” ачык коомуна таандык болсо, 75% үлүшү Түркиялык “Эти Бакыр” ачык коому ээлик кылат. Мында долбоорду каржылоо милдетин толугу менен түрк тарап мойнуна алган. Жаңы алтын өндүрүүчү фабриканын курулушу менен өндүрүштүк комплекти куруу $180 млн талап кылат.
2016-жылдан тарта “Эти Бакыр” АК үзгүлтүксүз иштеп, өзүн туруктуу жана ишенимдүү инвестор катары далилдедеп, оор пандемиялык абалга карабастан иш токтогон жок.
“Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсы социалдык-жоопкерчиликтүү ишкана катары жергиликтүү элге жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө ачык.
Кененирээк маалымат алуу үчүн коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Асель Акматалиевага кайрылсаңыздар болот тел: +996 220 092 407; asel.akmatalieva@tereksay.com.tr pr@tereksay.com.tr

Похожие новости

“Эти Бакыр Терексай” ишканасынын коомчулук менен байланыш бөлүмү тарабынан уюштурулган окуучулар арасында дилбаян сынагы жыйынтыкталды

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” компаниясы “Кыргыз элинин маданий өзгөчөлүктөрү” деген темада семинар өткөрдү.

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” ишканасында 1000 ашуун адам иштейт

etibakir
%d bloggers like this: