Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

“Эти Бакыр Терексай” ишканасы оказала кичинекей Раянага жардам берди

Терек-Сай айылынын тургуну 5 жашар Раянанын өпкөсү жабыркап, дарыланууга каражат жетишсиз болууда. Бул тууралуу наристенин апасы Мунара Токтобаева “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКнын коомчулук менен байланыш бөлүмүнө билдирген. Анын айтымында кызы жыл сайын Бишкектин ооруканаларынан дарылануудан өтүп турат.

“Раянанын өпкөсүнө операция 3 жыл мурун жазалган. Ошондон бери дарыгерлердин көзөмөлүндө турабыз. Бат-баттан дарыларды алып турушубуз зарыл. Азыр дагы өпкөнү өстүрбөй турган дарыларды алуу үчүн Бишкекке жөнөп жатабыз. Акча көп кетет. Канча каражат болсо да жардам берсе деп, “Эти Бакыр Терексай” ишканасына кайрылганбыз”- деди Мунара Токтобаева.

“Эти Бакыр Терексай” ишканасы Мунара Токтобаеванын кайрылуусун карап чыгып, чакан каражат бөлүп берүү чечимин кабыл алды.

“Азыркы учурда компанияда иш каскарганына карабастан, наристенин дарылануусуна каражат бөлүп берүүнү туура көрдүк. Анткени балдар – биздин келечегибиз. Оорууну канчалык эрте дарыласа, ошончолук сакайып кетүүгө мүмкүнчүлүк чоңоет. Баарыбыз Райынанын айыгып кетишине тилек кылалы”, – деди “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын Башкы мүдүрү Метин Демир.

Белгилей кетсек, “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсы жыл сайын Терек-Сай айыл аймагына 15 млн сомдн 20 млн сомго чейин социалдык пакет төлөп келет. Бул каражат жергиликтүү элдин социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган.

"Эти Бакыр Терексай" ишканасы оказала кичинекей Раянага жардам берди"Эти Бакыр Терексай" ишканасы оказала кичинекей Раянага жардам берди"Эти Бакыр Терексай" ишканасы оказала кичинекей Раянага жардам берди

Похожие новости

 “Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы коронавирустун таралышына каршы коопсуздук чараларын күчөттү

etibakir

Терексай айыл аймагынын жолунда оңдоо иштери жүрүп жатат

etibakir

Өндүрүштүк жана техникалык бөлүм

etibakir
%d bloggers like this: