Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

2022-жылдын январь-июнь айларында коомчулук менен иштөө бөлүмүнө түшкөн каттардын талдоосу

2022-жылдын 1-январынан тарта 30-июнга чейин жалпысынан 71 кайрылуу жана расмий каттар келип түшкөн. Алардын 80% расмий документ ирээтинде болсо, 20% оозеки түрдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, жалпы кайрылуулардын 40,8% – “Эти Бакыр Терексай” компаниясынын (мынданы ары Компания) дарегине келген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдардын расмий каттары (жергиликтүү бийлик, КРнын өкмөтү ж.б.). Жергиликтүү калктан түшкөн кайрылуулардын саны 29,6% түздү. (1-Таб.)

2022-жылдын январь-июнь айларында коомчулук менен иштөө бөлүмүнө түшкөн каттардын талдоосу

Кайрылуулардын саны боюнча алдыңкы орунга кызматташуу боюнча сунуштар – 14, экинчи орунда Компаниянын ишмердигине байланыштуу арыздар – 12. Айта кетсек, Терек-Сай айылынын Маданият үйүнүн 2-кабатында ачылган Консультациялык борбордун бирден бир максаты – Компания менен калктын ортосундагы коммуникацияны жакшыртуу менен арыздарга ыкчам чара көрүү болуп саналат. (2-таб.)

Үчүнчү орунда билим берүүнү колдоо боюнча кайрылуулар – 11; материалдык жардам – 11; ошондой эле жумушка орношуу маселеси – 11. Бул боюнча Консультациялык борбордо кадр маселелери боюнча атайын кабыл алуу күндөрү ачылып, тиешелүү адистер бош орундар туурасында маалымат беришип, Компаниянын базасына адистердин анкеталары чогултушат. Ага карабастан, жарандар кезеги келбей жатканына арызданып, социалдык төмөн абалына байланыштуу жумушка орноштурууга көмөктөшүү маселеси менен коомчулук менен иштөө бөлүмүнө кайрылышат. Мындан улам, жумушка орношуу маселеси региондо курч тураарын баса белгилейбиз. (2-таб.).

2022-жылдын январь-июнь айларында коомчулук менен иштөө бөлүмүнө түшкөн каттардын талдоосу

Жалпы кайрылуулардын колдоого алынган чечимдери кыйла жогору – 31 кайрылууну Компания колдоп берген. Четка кагылган кайрылуулардын саны – 34, дагы 6 – кайрылуу каралып жатат. (3-таб.).

2022-жылдын январь-июнь айларында коомчулук менен иштөө бөлүмүнө түшкөн каттардын талдоосу

 

 

 

Похожие новости

“Эти Бакыр Терексай – менин көзүм менен” балдар сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрүн тандоо боюнча комиссиянын жолугушуусу болду.

etibakir

Терек-Сай айылында “Эти Бакыр Терексай” компаниясынын Консультациялык борбору ачылды

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсы Терек-Сай айыл аймагынын социалдык-экономикалык абалына оң таасирин тийгизүүдө

etibakir
%d bloggers like this: