Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров тоо-кен казуу тармагын экономиканын стартегиялык маанилүү секторунун катарына кошту

“Экономиканын дагы бир стратегиялык сектору кен байлыктарды иштетүү өнөр жайы”. Бул тууралуу Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров 5-майда, өлкө элине болгон кайрылуусунда билдирди.
Өлкө башчынын айтымында, тоо-кен казуу тармагын өнүктүрүү улуттук мыйзамдарды жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча эл аралык стандарттарды сактоонун, кен чыккан жерлерди рационалдуу иштетүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.
“Кен байлыктарды иштетүү тармагындагы инвестициялык саясатта өлкөнүн кызыкчылыгын коргоого басым жасалат, ал эми эл аралык капиталды тартуу үчүн Улуттук тоо-кен компаниясы түзүлөт, ал компания мамлекеттин активдерин башкарат”, – деп жазылат кайрылууда.
Мындан тышкары, экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн бир нече милдетти ишке ашыруу керектигин белгиледи. Анын негизгиси — мамлекетке инвестициялардын агымын жогорулатуу жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү болуп саналат.
“Биз бизнести жүргүзүү үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзөбүз.Баарынан мурда — себепсиз текшерүүлөрдөн, кийлигишүүдөн, рейдерликтен жана кол салуулардан коргоону камсыздайбыз.Биз мамлекеттик — жеке өнөктөштүк диалогун жаңы деңгээлге чыгарабыз жана бизнести угууга даярбыз”, – деп, билдирди мамлекет башчы.
Ошондой эле, бизнестин өнүгүүсүнө шарт түзүү үчүн калыс, адилеттүү жана обүективдүү сот системасын түзүү керектигин баса белгиледи.
Президент Садыр Жапаровдун өлкө элине болгон толук кайрылууну бул жерден окуңуз

Похожие новости

“Эти Бакыр Терексай” компаниясы 7 студенттин контрагын төлөп окутат

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” компаниясынын кызматкерлери компанияга чектеш аймакты таштандыдан тазалашты

etibakir

«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсынын насостук станциясынын айланасында топтолгон суу санитардык-химиялык талаптарга жооп берет

etibakir
%d bloggers like this: