Урматтуу «Эти Бакыр Терексай» компаниясынын жумушчулары! 01.06.2021 жылында боло турган Балдарды Коргоо күнүнө карата, компаниябыз сынак жарыялайт. «Эти Бакыр Терексай» компаниясы менин көзүм менен ! деген темада жумушчуларыбыздын балдары сүрөт тартып сынакка катыша алат. Сынакка 3 жаш категориясындагы балдар катыша алат:
1.
Категория: 6 жаштан 7 жашка чейин

2.
Категория: 8 жаштан 10 жашка чейин

3.
Категория: 11 жаштан 12 жашка чейин.

Конкурстук иштер 01.05.2021 күнүнөн 15.05.2021 күнүнө чейин Адам Ресурстарын Башкаруу Бөлүмүндө кабыл алынат. Конкурстук иштин арка тарабында балаңыздын ат-жөнү, компанияда иштеген ата-энесинин аты жөнү жана баланын жаш курагы көрсөтүлүшү керек.
Жыйынтык 15.05.2021 жылынан 30.05.2021 жылына чейин атайын түзүлгөн Комиссия тарабынан чыгарылат.
Сынактын жеңүүчүлөрүнө (ар бир категорияга өзүнчө) төмөндөгүдөй белектер берилет:
1. Планшет 

2. Велосипед

3. Лего Конструктор
