Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

«Эти Бакыр Терексай» ишканасынын кызматкерлери техникалык коопсуздук боюнча билимин арттырууда

“Эти Бакыр Терексай” ишканасынын техникалык коопсуздук жана эмгекти коргоо бөлүмү жалпы кызматкерлер үчүн техникалык коопсуздукту сактоо боюнча окууларды жүргүзүүдө. Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 5-апрелинде 225 номуру менен чыккан “Эмгекти коргоо тууралуу” мыйзамына ылайык, бардык ишканалар кызматкерлерди техникалык коопсуздук эрежелерине үйрөтүүгө милдеттүү жана ар жыл сайын өтүп турушу керек.

“Эмгекти коргоо боюнча окутуулар 16-июлдан тарта башталып, 31-сентябрга чейин уланат. Ден-соолукка зыяндуулук коркунучу догору тармактарда бул тууралуу маалымат дайыма айтылып турушу абзел. Тажрыйба көрсөткөндөй, айрым жумушчулар эрежелерди унутуп калышы ыктымал же эске албай коюшат. Коопсуз эмгек ар бирибизден башталат экенин түшүнсөк”, – деди техникалык коопсуздук жана эмгекти коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Абдиумар Чотбаев.

Семинар теориялык жана практикалык негизде өтүп, анын жыйынтыгында катышуучулар экзамен тапшырышат. Андан өткөн кызматкерлер гана жумуш орундарына киргизилет.

Кошумчалай кетсек, “Эти Бакыр Терексай” ишканасы кызматкерлерди окутууга чоң көңүл бөлүүгө аракет кылып, жаңы ишке кирген ишчилерди 3төн 10 күнгө чейин техникалык коопсуздук окууларынан өткөрөт.

«Эти Бакыр Терексай» ишканасынын кызматкерлери техникалык коопсуздук боюнча билимин арттырууда«Эти Бакыр Терексай» ишканасынын кызматкерлери техникалык коопсуздук боюнча билимин арттырууда«Эти Бакыр Терексай» ишканасынын кызматкерлери техникалык коопсуздук боюнча билимин арттырууда«Эти Бакыр Терексай» ишканасынын кызматкерлери техникалык коопсуздук боюнча билимин арттырууда

Похожие новости

“Эти Бакыр Терексай” кен казуу ишканасы кайрадан ишин баштады

etibakir

Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков: Өкмөттүн биринчи милдети – калкты жумуш менен камсыз кылуу

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” ишканасы Кызыл-Токой айылындагы контейнерди жылдырууга техника бөлүп берди

etibakir
%d bloggers like this: