Кыргызстандын тоо-кен тармагынын ачыктыгын камсыздоо боюнча улуттук коалиция жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында “Эти Бакыр Терексай” социалдык жоопкерчиликтүү ишкана деп табылды. Бул тууралуу Улуттук коалициянын мүчөсү Адылбек Алыев билдирди. Анын айтымында, “Эти Бакыр Терексай” ишканасы төмөнкү параметрлер боюнча жогорку балл алган: кызматкерлерге шарт түзүү, айыл тургундарына жардам көрсөтүү, ишке орноштурууда ачыктык жана адилеттүүлүк, ошондой эле аялдарды жумуш менен камсыз кылуу.
«Эти Бакыр Терексай» ишканасы айылдын социалдык-экономикалык турмушуна активдүү катышып, айыл тургундарына демөөрчүлүк жардам көрсөтүп келет. 6 жылдын ичинде демөөрчүлүктүн суммасы 35 миллион сомдон ашты.
Ал эми 2020-жылдын карантиндик режим учурунда ишкана жергиликтүү элге тамак-аш жана азык-түлүк түрүндө 4 миллион сомдон ашык гуманитардык жардам көрсөткөн.Белгилей кетсек, Орозо айт жана Курман айт сыяктуу майрамдарда гуманитардык жардамдар үзгүлтүксүз берилип келет.