Эти Бакыр Терексай
Image default
"Портрет" рубрикасы

Сыдыкбек Тойчиев: Мага таза абада иштеген жагат

Алтын казуу иштерин бурголоосуз жүргүзүү мүмкүн эмес. Сыдыкбек Тойчиев “Эти Бакыр Терексай” ишканасында бургоолоочу болуп эмгектенет. “Портрет” рубрикасында бүгүн Сыдыкбек мырзанын жумушу тууралуу айтып беребиз.

-Мен Чаткал районунда туулуп өскөм, орто билим алгам. Ата-энем чабан болуп иштеген, а мен бургоолочу кесибин тандап алдым. Тоо-кен казуу ишканасы Терек-Сайда болгондуктан биротоло бул айылда отурукташтым. 2 уул, 2 кыздын атасымын.

-Эмне үчүн ушул кесипти тандап алдыңыз?

-Иним чабан болууну каалады, мага бурголоочу кесип жакты. Негизи бул жагат мага. Шарттары да ыңгайлуу. 15 күн иштеп, 15 күн эс аласың, бул күндөрү үйдөгү башка жумуштарды жасаганга жетишесиң.

-Кышы-жайы ачык абада жүрөсүз, суукта кыйын болуш керек?

-Билбегендерге оор болушу мүмкүн, мага билинбейт. Таза аба менен дем алуу мен үчүн жакшы. Кышкысын бурголоо иштери токтойт. Жазда кайра башталат.

-Бурголоо иштери эмне үчүн керек?

-Кен байлыктарды аныктоодо, изилдеп-таабууда мааниси чоң. Биз геологдор менен биргеликте иш алып барабыз. Геологдор станоктордун бүт баарын орнотуп, градусун коюп берет. Ошонун негизинде бурголоо жүргүзөбүз.

-Жумушуңуз кызыктуу экен, маегиңизге рахмат.

Сыдыкбек Тойчиев: Мага таза абада иштеген жагатСыдыкбек Тойчиев: Мага таза абада иштеген жагатСыдыкбек Тойчиев: Мага таза абада иштеген жагатСыдыкбек Тойчиев: Мага таза абада иштеген жагатСыдыкбек Тойчиев: Мага таза абада иштеген жагат

Похожие новости

Энгин Хажыисламоглу: Кыргыз тилин бир жылда эле үйрөнүп алдым

etibakir

Жеңишбек Бабакулов: Иштеген ишибиз болсо, элибиздин телегейи тегиз болот!

etibakir

Али Тургай: Жер байлыктары иштетилбесе, ал өлкөнүн өнүгүшү кыйын болот

etibakir
%d bloggers like this: