Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

Түркиялык компания Терек-Сай кениндеги ишти жергиликтүү калктын өтүнүчү менен токтотту

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда түркиялык компания жергиликтүү калктын өтүнүчү менен Терек-Сай кениндеги ишин токтотту. Бул тууралуу “Азаттыкка” кен жайгашкан Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Болотбек Аширбаев билдирди.

«Түркиялык компаниянын жетекчилигине жергиликтүү тургундардын тобу келип, өлкөдөгү кырдаал турукташканга чейин кенди иштетүүнү токтотууну талап кылышкан. Компания тараптардын кагылышуусуна жол бербөөгө макул болду», – деди Аширбаев.

Кенди “Эти Бакыр Терек-Сай” биргелешкен ишканасы иштетип жатат, анын капиталынын 25%ы “Кыргызалтын” ААКсына, 75%ы түркиялык “Эти Бакыр” компаниясына таандык. 2016-жылдан бери компания Терек-Сай кенин иштетүүгө 100 миллион доллар инвестиция тарткан.

Буга чейин Талас районунун Бекмолда айыл өкмөтүнүн башчысы Кубаныч Каныбеков Жерүй кенинде өрт чыкканын “Азаттыкка” билдирген.

.Түркиялык компания Терек-Сай кениндеги ишти жергиликтүү калктын өтүнүчү менен токтотту

https://rus.azattyk.org/a/30878138.html

Похожие новости

«Эти Бакыр Терексай” Чымканаев  мектебине  окуу китептерин алууга каражат бөлүп берди

etibakir

“Эти Бакыр Терексай” ишканасы суу чачыраткыч жабдуусун сатып алды.

etibakir

Вели Гёкдере: Терек-Сай айылынын кыз-келиндердин волейбол командасына жардамым тийгенине кубанычтамын

etibakir
%d bloggers like this: