Бүгүн, 2021-жылдын 28-сентябрында Терек-Сай айылынын борбордук көчөсү шланг аркылуу күчтүү напор менен жуулду. Асфальтталган көчөнүн жуулуу демилгесин жергиликтүү калк көтөргөн. Алардын айтымында, көчөлөргө суу чачуу асфальттын четинде топтолгон чаңды кетирүүгө жардам бербейт.
«Эти Бакыр Терексай» ишканасынын Айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо башкармалыгынын жетекчиси Увасип Аманбаевдин айтымында, асфальтты жууп-тазалоо иштери жолдордун четине чаң топтолгон учурда жүргүзүлөт. Мындан тышкары үч конуштун борбордук жолдору үзгүлтүксүз жуулуп турат.
Эске салсак, «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын карамагында эксплуатациялык жана айыл ичиндеги жолдорду тейлеген 8 суу ташуучу унаа бар. Ишкана жергиликтүү тургундардан 5 суу ташуучу унааны ижарага алат.