“Эти Бакыр Терексай” ЖЧК тоо-кен компаниясы үстүбүздөгү жылдын октябрь айында болгон окуялардан кийин Терексай кенинде ишин 15.12.2020-ж баштап кайрадан жандантты.
Биздин компания Терексай айылына жардам көрсөтүүнү улантууда. Учурда Терексай айыл аймагынын транспорттук жолунда ишкананын атайын техникасынын жардамы менен жолду түзөө жана техникалык тейлөө иштери жүрүп жатат.
Жолдордогу иштерди жакшыртуу үчүн «Эти Бакыр Терексай» компаниясы бардык белгиленген стандарттардын талаптарына жооп берген эң акыркы жана заманбап жабдууларды колдонот.
Компания негизделгенден баштап бүгүнкү күнгө чейин социалдык пакет (жардам) катары жыл сайын Терексай айыл аймагынын бюджетине каражаттар чегерилүүдө, кошумча түрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, айыл тургундарына, ошондой эле райондук жана областтык администрацияга кандай жардамдар көрсөтүлүп келет.