Эти Бакыр Терексай
Image default
Кабарлар

Терексай айылынын тургунунун үйү компаниябыз тарабынан оңдолуп берилди

Жер казынасын пайдалануу боюнча сынактын шарттарына ылайык, 2016-жылдан азыркы учурга чейин биздин ишкана жыл сайын Терексай айыл аймагынын бюджетине социалдык пакет катары каражат чегерип турат.

Мындан тышкары, Компания жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, айыл тургундарына, ошондой эле райондук жана облустук администрацияларга ар кандай жардамдарды кошумча көрсөтүп келет.

Бул жолу Терексай айылынын тургуну Сонун апанын үйү компаниябыз тарабынан оңдолуп берилди. Сонун апа буга чейин эски үйдө жашап келген, үйдүн 2 бөлмөсүнө жашоого таптакыр болбой калган. Ондоо иштеринен кийин эми 2 бөлмөнү да колдоно алат. Сонун апабыздын мындан аркы ыңгайлуу жашоо шартына бираз да болсо салым кошууга аракет кылдык ! Апага бекем ден соолук каалайбыз!

Терексай айылынын тургунунун үйү компаниябыз тарабынан оңдолуп берилдиТерексай айылынын тургунунун үйү компаниябыз тарабынан оңдолуп берилдиТерексай айылынын тургунунун үйү компаниябыз тарабынан оңдолуп берилдиТерексай айылынын тургунунун үйү компаниябыз тарабынан оңдолуп берилди

Похожие новости

Кызматкерлердин эмгек акысын  жана тарифтик ставкалары 13 пайыздан 27 пайызга чейин жогорулайт

etibakir

 “Эти Бакыр Терексай” ишканасы түшүм майрамына демөөрчүлүк жардам көрсөттү.

etibakir

Акылбек Жапаров «Эти Бакыр Терексай» тоо-кен ишканасынын жетекчилиги менен жолугушту

etibakir
%d bloggers like this: