Жергиликтүү сатып алуулар

Сатып алуу бѳлүмү – товарларды сатып алуу жѳнүндѳ чечимдер кабыл алынып турган, ѳндүрүмдү жеткирүүгѳ контрактылар түзүлүп, жеткирүүчүлѳрдү тандоо маселелери чечилип, ѳндүрүмдүн сапатына талаптар белгиленип ж.б. турган бѳлүм болуп саналат.
Биздин компаниянын максаттарынын бири – ишкананын муктаждыктары үчүн товарларды, эмгектерди жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү сатып алууда жергиликтүү ѳндүрүүчүлѳрдү колдоо.
Сатып алуу бѳлүмүнүн ишинин максаттары
Компаниянын сатып алуу бѳлүмүнүн (кызматынын) максаттары:
ѳтѳ пайдалуу баада товарларды жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү сатып алуу;
товарларды ѳз маалында жеткирүүнү камсыз кылуу;
сапаты жогору кепилденген товарларды сатып алуу;
ишенимдүү жеткирүүчүлѳр менен жагымдуу ѳнѳктѳштүк мамилени кармануу;
ишкана үчүн максималдуу пайда алуу;
Компаниянын башка бѳлүмдѳрү менен кызматташуу жана натыйжалуу ѳз ара аракеттенүү;
Компаниянын стратегиялык максаттарына жетишинде, аны менен бирге аны логистикалык стратегияда ишке ашырууда ѳз салымын кошуу;
жалпы логистикалык коромжуларда сатып алууга чыгымдардын үлүшүн тѳмѳндѳтүү.