КОМПАНИЯ КАЙРАДАН ИШИН ЖАНДАНТТЫ

269
КОМПАНИЯ КАЙРАДАН ИШИН ЖАНДАНТТЫ
Сүрөттө : “Эти Бакыр Терек-Сай “ЖЧКнын финансылык иштер боюнча директору Ахмет Тунжель. 
  Өткөн жылдын октябрь айында болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгынанааразы болгон жалпы элдик толкундоолордун натыйжасында жергиликтүү калктын “чет элдик фирмалар тоо кен тармагындагы ишмердүүлүгүн токтотсун “деген талабы менен Чаткал районунун аймагында жайгашкан компаниялардын ишмердүүлүгү токтотулган болуучу. Мына ошол компаниялардын катарында “Эти Бакыр Терек-Сай “ЖЧКсы да бар. Арадан 2 айдан ашык убакыт өткөн соң ишин улантууга уруксат алган аталган компания 2020-жылдын 15-декабрынан тартып акырындап өз иштерин жандантууда. Учурда аталган компанияда иш ыргагы кандай жүрүп жаткандыгына кызыгып, “Эти Бакыр Терек-Сай “ЖЧКнын финансы иштери боюнча директору Ахмет Тунжелди учкай сөзгө тарттык.
  –Ахмет мырза, болуп өткөн элдик толкундоолордун негизинде 2 айдан ашык убакыт компанияңардын ишмердүүлүгү токтоп калды. Мына эми буюруса кайрадан ишти баштадыңар. Токтоп калган мезгилде компанияңар зыян тарткан жокпу? 
  –Эми мындай учурда зыян тартпай коё албайт эмеспи кандай гана ишкана болбосун. Бирок”чыгаша болбой киреше болбойт “дейт. Мындайда калктын талабын жана абалын туура түшүнүп койгон жакшы. Биз да компаниянын администрациясы кеңешип, компаниянын жумушчу, кызматчыларына орточо айлык акырларынын үчтөн эки бөлүгүн,башкача айтканда 66 пайызын компенсация катары төлөп турдук. Ошондой эле 2020 -жыл үчүн эмгек өргүүсүнө чыкпагандарга эмгек өргүүсү үчүн төлөнүүчү акысы толук төлөп берилди. Анткени бизде жумуш токтотулган мезгилде компаниянын генералдык директору Вели Гёкдере жетектеген бухгальтерия, камсыздоо бөлүмү, кадрлар бөлүмү үзгүлтүксүз иштеп турган.
  –Жакшы Ахмет мырза, айтсаңыз, бүгүнкү күндө компания толук кандуу иштей баштадыбы? 
  –15 -декабрдан тартып жумуш башталган. Ошол мезгилде болжол менен 250дөй адам жумушка чыккан. Күн өткөн сайын компаниябыз кулачын жайып, ар бир тармак дейбизби, бөлүмдөр ишке кирип жатат. Ушул күндө компаниянын 90 пайыз жумушчулары иштерин улантууда. Буюруса февраль айынын алгачкы күнүнөн толук кандуу жумуш башталат.
  –Айтмакчы, жаңы жыл алдында алгач эле айыл ичиндеги жолду оңдоп түзөөдөн баштадыңар окшойт жумушту? 
  –Биз ушул аймакта ишмердүүлүк жүргүзгөн соң айылдын көйгөйлөрүн чечүүнү өзүбүздүн түздөн-түз милдетибиз катары сезебиз. Буга чейин деле аймакка, районго көптөгөн жардамдарды берип келгенбиз, буюруса мындан ары да көмөк көрсөтүп турабыз. Бул ирет өзүбүздүн жумуштар менен бирге эле ошол сиз айткан жолдогу кооптуу деп эсептелген участокту сүрүп, тегиздеп, кеңейтүү иштерин жасадык.
   –Рахмат, Ахмет мырза. Ишиңиздерде ийгиликтер болсун! 
  Токтомухамед Темиралиев, Жалал-Абад областтык медиа борбору. Чаткал району.