Металлург күнүнө карата “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын Башкы мүдүрү Вели Гёкдеренин сүйлөгөн сөзү:

60

Металлург күнүнө карата “Эти Бакыр Терексай” компаниясы ишкананын бардык жумушчуларын кесиптик майрамы менен куттуктады. Жетекчилик тарабынан 400 кишилик торт даярдалып түшкү тамак учурунда таратылды. Профсоюз уюмунун төрагасы Усубаалы Өмүрбеков, “ Эти Бакыр Терексай” ЖЧК  финансылык мүдүрү Ахмет Тунжел,ишкананын башкы геологу Умар Чындөөлөтов,кадрларды каттоо бөлүмүнүн башчысы Гулнара Жайыкова жана обьектидерди ишке киргизүү жетекчиси Айзада Мамбеткул кызы жумушчуларды куттуктап,каалоо-тилектерин билдиришти. Компаниянын башкы мүдүрү Вели Гёкдере Түркияда болгонуна байланыштуу анын куттуктоо сөзүн финансылык мүдүрү Ахмет Тунжел жумушчуларга окуп берди.

Металлург күнүнө карата “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын Башкы мүдүрү Вели Гёкдеренин сүйлөгөн сөзү:

Урматтуу достор! “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын кызматкерлери!

Сиздерди  Металлург күнү – кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктоого уруксат этиңиздер. Мен азыр Түркияда жүргөнүм менен, бул жаркыраган күнү – менин жүрөгүм сиздер менен!

Тоо кен тармагынын кызматкерлери үчүн бул майрамдын маңызы чоң. Өзгөчө Терек-Сай айыл аймагынын эли үчүн орчундуу майрамдардын бири, аталган аймактын жаралган күнү, деп эсептесек болот. Жергиликтүү эл бул Металлург күнүн Жаңы Жыл, Нооруз майрамдары сыяктуу шаан-шөкөт менен белгилеп келген.

Тилекке каршы, соңку эки жылдан бери Металлург күнү ойдогудай деңгээлде өтпөй келет. Буга дүйнө жүзүн каптаган апаат коронавирус ооруусу себеп болууда. Ошондой болсо да, быйыл биз жумушчуларыбыздын маанайын көтөрүп түшкү тамак астында чоң торт белек кылууну чечтик. Муну менен “Эти Бакыр Терексай” ишканасы ар бир жумушчунун эмгегин сыйлап, жогорку баабызды беребиз, деп айткыбыз келет.

“Эти Бакыр Терексай” ишканасы буга чейин кубаттуулугу жылына 100 миң тонна руда иштеп чыга турган эски байытуучу фабриканы оңдоп чыккан.

Өткөн жылдын ноябрь айында “Эти Бакыр Терексай” ишканасы жаңы  алтын ылгоочу фабрика курулуп баштап, 1000дин тегерегинде иш оурндары түзүлдү. Жаңы фабриканын кубаттуулугу жылына 700 миң тонна руда иштетүүгө жетет. Азыркы кезде жаңы фабриканын 50% аяктап калды, деп ишенимдүү айта алам. Анын үстүндө 500гө жакын адам иштеп жатат. Мында ар бириңиздердин эмгегиңиз баалуу.

Жыл аягына чейин жаңы алтын ылгоочу фабриканы бүтүрүп, ишке киргизүү аттуу маанилүү тапшырмасы турат. Эгер жаңы фабрика ишке кирсе, республикалык бюджетке төлөнгөн салыктар өсөт, жергиликтүү бюджетке төлөнгөн социалдык пакет жогорулайт.

Урматтуу достор! Сиздерге бекем ден-соолук, асыл эмгегиңизди ийгилик коштоп, бакыт-таалай, бакубатчылук жана тынчтык каалайбыз.

Чын жүрөктөн чыккан каалоо-тилектер менен,

“Эти Бакыр Терексай” ишканасынын Башкы мүдүрү Вели Гёкдере!