Рубрика “Портрет” (Кыр)

Умар Чындөөлөтов: “Эти Бакыр Терексай” компаниясы иштегени айылда элдин турмушу жакшырды

Жыл сайын июль айынын үчүнчү жекшембисинде өтө турган металлург күнүнө карата “Эти Бакыр Терексай” ЖЧК ишканада иштеген кызматкерлер тууралуу “Портрет” рубрикасында айтып беребиз. Биринчи каарманыбыз “Эти Бакыр Терексай” компаниясынын башкы геологу Умар Чындөөлөтов.

Умар мырза Терексай айылында  тоо инженердин үй-бүлөсүндө туулуп өскөн. Бир туугандары, уулу да тоо кен тармагында эмгектенишет. Тажрыйбалуу кесипкөй, геолог болуп иштегенине 30 жылдан ашты.

Каарманыбыздын кесиптик жолуна токтоло турган болсок, институтту  1990-жылы бүтүрүп, “Кадамжай” сурьма комбинатында, Иштамберди кенинде эмгектенген. Терек-Сай айыл аймагындагы кендердин тарых-таржымалын Умар Чындөөлөтовдон артык билген адам жок.

“Тереккан алтын кени 1934-жылы табылган. Бул жерде алтын бар экендиги геологдор тарабынан аныкталып 1950-жылдарга чейин биринчи издөө иштери жүргүзулгөн. Ошол убактарда согуш жылдары болуп, мамлекет көбүнчө сурьма металлына муктаж болгон. Сурьма – бул түстүү металл, стратегиялдык максаттарда аскер техникаларын жабдууга колдонулат.  Калдыктары типографияда, автомашиналардын дөңгөлөктөрүн жасоого керектелет. Сурьма аябай көп жерде колдонулат,колдонулбаган жери жок. Сурьма 1941-жылы табылган. Койчен Кайымов деген жергиликтүү тургун кокустан таап алып, геологдорго көрсөткөн. Геологдор изилдөө иштерин башташкан. Эң биринчи колго казылып алынган андан кийин гана техника жолуна өтүшкөн”, – деп айтып берди Умар Чындөөлөтов.

Терекканда 23 тонна алтындын запасы бар. Башка ресурстарды, прогноздорду кошкондо 40 тоннадан ашык болушу мүмкүн. Аны изилдеп такташ керек. Геологдордун негизги иши – кен байлыктарды изилдеп, таап, аныктоо болуп саналат.

Терек-Сайдагы сурьма фабрикасын 2002-жылы “Кыргызалтын” ачык акционердик коому “Кадамжай” сурьма комбинатынан сатып алган. Каржылоо тартыш болгондуктан, инвестор издөөгө туура келди.

“Түрдүү компаниялар кызыгышты. Бирок алтын кен иштетүүгө олуттуу каражат талап кылынат. Бардык эле инвестор чыдай албайт. 2016-жылы Түркияда ири болуп саналган “Эти Бакыр” компаниясы келди. “Кыргызалтын” компаниясы менен келишим түзүп, биргеликте ишкана түзүп, иш башталды. 2016-жылдан бери туруктуу иштеп жатат. Айылдагы элдин жашоосу, айылдын инфраструктурасы бир топ эле жакшырып калды. Ар кандай спонсорлук жардамдарды көрсөтүшөт: мектептерге, ооруканаларга, жергиликтүү калкка… Орозо маалында Терек-Сай, Кызыл-Токой айылдарындагы бардык үй-бүлөлөргө азык-түлүк берип турушат. Буюрса жаңы фабрика ишке кирейин деп калды. Ушул жылдын аягын чейин бүтүрөбүз деген планыбыз бар”, – деп сөзүн жыйынтыктады Умар Чындөөлөтов.