Селахаттин Эйюп Адыгүзел: Металлургия тармагында иштеген ар бир жумушчуну терең сыйлайм

539

“Портрет” рубрикасын улантабыз. Бул жолу мейманда “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын өтө керектүү адамы: Селахаттин Эйюп Адыгүзел  — жаңы курулуп жаткан алтын ылгоочу фабриканын жетекчиси. Бул курулуштун көлөмү чын эле таң калтырат. Эгер союздан калган фабрика жылына 100 миң тонна руда иштеп чыга турган болсо, бул фабрика жылына 1 млн тонна руданы иштете алат.

-Айтсаңыз, ушундай чоң көлөмдөгү фабриканы куруу кыйынбы?

-Эгер курулуштун ыкмасын билсең кыйын деле эмес. Алтын өндүрүү боюнча ири ишканаларда иштеп, чоң тажрыйбам бар. Курулуш канчалык чоң болбосун, ичи-тышындагы ар бир ийне-жибине чейин сантиметр, милиметрдик тактык эрежесин сакташ керек. Мен муну алтын ылгоочу фабриканы куруудагы Кудайдын мыйзамы деп атайым.

-Кол алдыңызда канча адам эмгектенет?

-500гө жакын. Менин карамагыма курулуп жаткан жаңы фабрика гана эмес, эски фабрика, электр менен камсыз кылуучу департамент дагы кирет. Мынча адамдарды башкаруу боюнча жардамчыларым бар.

-Өзүнүз Түркиянын кайсы жеринен болосуз?

-Мен Адана жеринен болом. Бул Түркиядагы ири өндүрүштүк аймак болуп саналат. Окууну бүткөндөн кийин  Чукуров атындагы Университеттин тоо инженердик факультетин аяктагам.

-Эмне себептен тоо инженери кесибин тандап алдыңыз?

-Мен бала кезимде Жер шары тууралуу китеп окуп, абдан таасирленгем. Кийин Жер шары, тоо кыркалары тууралуу кызыгуум күчөп, тоо инженери болууну чечкем. Жерде бардык металлдар бар, аны өндүргөн мага жагат.

-Иш тажрыйбаңызга токтолсоңуз, кайсы өлкөлөрдө иштеп келдиңиз?

-Металлургия тармагында менин карьерам 2010-жылы башталган. Жогорку окуу жайын аяктагандан кийин Түркияда темир буюмдарын өндүргөн ири компанияга жумушка орноштум. Казакстан, Сауд Арабиясы, Катар, Судан сыяктуу мамлекеттердеги алтын иштектен компанияларда мжгектендим.

-Металлругия тармагынын жумушу оорбу?

-Ачык айтсам, өтө оор кесип. Алтын иштетүү үчүн жумушуңа жараша башка өлкөлөргө, жерплерге үй-бүлөңдү, жакындарыңды узакка көрбөй жүрөсүң. Экинчи жагынан кооптуу кесип болуп саналат. Бул тармакта ар бир жумушчу өзүнүн гана эмес жанындагы кесиптештеринин коопсуздугун ойлошу керек. Жумушта жумушту гана ойлоп, сергек жана ыкыластуу болуш керек.  Ошондуктан, мен бул тармакта эмгектенген ар бир жумушчуну терең сый-урмат менен мамиле кылам.

-Кызыктуу маегиңиз үчүн рахмат.