Сыдыкбек Тойчиев: Мага таза абада иштеген жагат

28

Сыдыкбек Тойчиев: Мага таза абада иштеген жагат
Алтын казуу иштерин бурголоосуз жүргүзүү мүмкүн эмес. Сыдыкбек Тойчиев “Эти Бакыр Терексай” ишканамсында бургоолоочу болуп эмгектенет. “Портрет” рубрикасында бүгүн Сыдыкбек мырзанын жумушу тууралуу айтып беребиз.

-Мен Чаткал районунда туулуп өскөм, орто билим алгам. Ата-энем чабан болуп иштегем, а мен бургоолочу кесибин тандап алдым. Тоо-кен казуу ишканасы Терек-Сайда болгондуктан биротолу бул айылда отурукташтым. 2 уул, 2 кыздын атасымын.

-Эмне үчүн ушул кесипти тандап алдыңыз?

-Иним чабан болууну каалады, мага бурголоочу кесип жакты. Негизи бул жагат мага. Шарттары да ыңгайлуу. 15 күн иштеп, 15 күн эс аласың, бул күндөрү үйдөгү башка жумуштарды жасаганга жетишесиң.

-Кышы-жайы ачык абада жүрөсүз, суукта кыйын болуш керек?

-Билбегендерге оор болушу мүмкүн, мага билинбейт. Таза аба жутуп, мен үчүн жакшы. Кышкысын бурголоо иштери токтойт. Жазда кайра башталат.

-Бурголоо иштери эмне үчүн керек?

-Кен байлыктарды аныктоодо, изилдеп-таабууда мааниси чоң. Биз геологдор менен биргеликте иш алып барабыз. Геологдор станоктордун бүт баарын онотуп, градусун коюп берет. Ошонун негизинде бурголоо жүргүзөбүз.

-Жумушуңуз кызыктуу экен, маегиңизге рахмат.