Таалай Касымов: Айдоочулар,слесардын ишин сыйлагыла!

299

Металлург күнү өтүп кетсе да, кесипкөй адистердин саны арбын. Анын үстүнө окурмандардын кызыгуусу күч болуп “Портрет” рубрикасын улантууну чечтик. Бүгүн биз “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын слесарь-мотористи Таалай Касымов тууралуу айтып беребиз.

-Мен Ала Бука районунун Ызар айылында төрөлгөм. 10-классты аяктагандан кийин авто мектепте слесарь билимин алгам. Аскерге барып келгенден кийин бир нече мекемелерде иштедим. Андан кийин ал кезде Чаткал геология экспедициясына ишке кирдим. Союз тарагандан кийин мында дагы иш орундары жоюлду. 1998-жылдан 2008-жылга чейин америкалык фирма бар эле, ал жакта 4 жыл иштедим. 7 жыл дагы иж арага алып супермаз айдап жүрдүм.

-Билимиңиз айдоочу экен, кантип слесарь жана моторду оңдогонду үйрөндүңүз?

-Союз убагында айдоочуларды алгач ирет слесарь болуп иштетишчү. Анткени бузулган унааны оңдоону баштан өткөргөн айдоочу эч качан унаага күч келтирип айдабайт, аяп айдайт.

-Мотор оңдогон оңойбу?

-Мотор чогултканды, оңдогонду үйрөнүш керек. Ар бир кесиптин кыйынчылыгы бар.

-Тоо кен казуу тармагында унаалар тез бузулса керек?

-Эми азыр жаш айдоочулар көбөйгөн үчүн, унаалар тез бузулуп жатат. Мурда айдоочуларга чоң жоопкерчиликти мойнуна илген. Жаш балдарды айдоочуга шыр алчы эмес. Жогоруда айткандай, унааны алгандан кийин слесардык жумуштун баарын айдоочу өзү аткарган. Мотору менен дөңгөлөгү бузулганда гана механикалык жайга кайрылышчу. Азыр бузулду, деп таштап коюшат. Карасаң унаанын көбүнүн улаш жерлери бузулуп келет, демек, айдоочулар тажрыйбасы жок, дегенди билдирет.

-Тоо жергесинде унааны айдоону эмнеге көңүл бөлүш керек?

-Тоо жергесинде этият болуу зарыл. Мисалы кээ бирлери жый жыйма жук менен өйдөгө карай катуу ылдамдыкта жүрөт. Анан унаа тартпай калганда “передача” – механикалык бергини алмаштырат. Ошондо унаанын бир жери жулунат да. Ошентип эле тез бузулуп атпайбы. Тегиз жерде гана катуураак жүрсө болот.

— Ошо айдоочуларга эмне деп айтып кетет элениз?

— Айдоочулар унааны этияттык менен айдашса. Слесарлардын да кызматын сыйлаш керек.