Эти Бакыр Терексай

Таанышуу

Admin
Таанышуу

ОсОО «Эти Бакыр Терексай»

«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы «Кыргызалтын» ААКтын (үлүшүнүн 25%) жана түркиялык «Эти Бакырдын» (үлүшүнүн 75%) биргелешкен ишканасы. Терексай кени — Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терексай айылында жайгашкан өлкөдөгү байыркы тоо-кен ишканаларынын бири.
“Эти Бакыр” Акционердик коому 1969-жылы түзүлгөн, бүгүнкү күнү Түркиядагы эң ири компаниялардын бири болгон “Женгиз Holding” компаниясынын туунду компанияларынын бири. Учурда “Женгиз Holding” компаниясы тоо-кен тармагы, энергетика, курулуш, туризм, авиация сыяктуу ар кандай тармактарда иш алып барып, 35 туунду компаниялардан турат.
2015-жылдын ноябрь айында «Эти Бакыр Терексай» жоопкерчилиги чектелген коому Тереккан, Ашуу алтын кендерин жана Терек алтын-сурма кенин иштетүү укугу үчүн өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүсү деп жарыяланган.
Анын негизинде, Компания жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн мамлекеттин бюджетине 20 млн АКШ долларын которгон.Келишимдин шарттарына ылайык, «Эти Бакыр Терексай» компаниясынын уставдык капиталы үчүн «Кыргызалтын» ачык акционердик коому — 10 млн. АКШ долларын “Терексай кен иштетүү” филиалынын активдерин үлүш катарында, ал эми «Эти Бакыр» ачык коому – акчалай түрдө 30 млн АКШ долларын төлөшкөн.
Ошондон баштап бүгүнкү күнгө чейин, “Эти Бакыр Терексай” компаниясы өзүнө алган бардык милдеттенмелерди аткарып келүүдө.
Жаңы заманбап алтын ылгоочу фабриканы куруу долбоорун жүзөгө ашыруу үчүн, “Эти Бакыр Терексай” ЖЧК Кыргыз Республикасынын экономикасына кошумча 100 000 000 АКШ долларын инвестициялоону пландаштырууда (сынактын жыйынтыгы боюнча, жер казынасын пайдалануу укугун берген 4520 АЕ Лицензиясын алууга төлөнгөн каражаттан тышкары).
“Эти Бакыр Терексай” компаниясынын жетекчилиги карманган алтын эреже — жасаган ишиңдин гана сапатын жакшыртып, жогорулатпастан, аны курчап тургандардын да жашоо сапатын жогорулатканды унутпа!