Зарипа Исаева: “Кыргыз тамагын жактырган түрк жарандары бар”

290

Зарипа Исаева: “Кыргыз тамагын жактырган түрк жарандары бар”

Тоо кен казуу тармагында аялдардын орду чоң. Мисалы, “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын тамактануу чөйрөсүндө негизинен айымдар эмгектенет. Анын бири Зарипа Исаева – “Портрет” рубрикасынын коногу.
-Зарипа айым, канча жылдан бери ашпозчу болуп иштеп жатасыз?

-“Эти Бакыр Терексай” ишканасы ачылганда, алгач ирет, аашпозчунун жардамчысы болуп орноштум. Бир жылдан бери ашпозчу болуп иштеп жатам.

-Мурда кайсы жерде иштегенсиз?

-Алгач ирет, мен жөнөкөй жумуштарда иштеп жүрдүм. Билим орто болгондуктан, айыл өкмөтүндө пол жуучумун. Кийин “Кыргызалтын” ишканасында “дозировщица” болуп, реагенттерди өлчөмү менен кошуп иштегем. “Эти Бакыр Терексай” ишканасы ачылгандан кийин ашпозчук өнөрдү үйрөндүм.

-Кандай тамактарды жасайсыз?

-Түрк тамактардын түрүн билип калдым. Кыргыз ашканасы менен түрк даамы айырмаланат экен. Алар көп тамактарына күрүчтү сууга бышырып жегенди жакшы көрүшөт. Мисалы, помидорду майдалап, перецти аралаштырып жумуртка менен куурулган тамак Менемен деп аталат. Аны эртең мененки тамакка жешет. Бөрек деген тамагы бар. Камырын жайып ичине айран менен май сыйпап эт фаршын салышат. Бизде бул самса. Ошондой эле баклажанды көп тамакка кошушат.

-Кыргыз ашканасында кандай тамактар жасалат?

-Бизде плов, макарон, бифштекс…биз майлуу тамактарды жакшы көрөбүз. Тоолуу аймак болгондуктан, тоо кен тармакта жумуш дагы оор – ошон үчүн колориясы күчтүү тамактарды ичкилери келишет.

-Түрк жарандарына кыргыз тамактары жагабы?

-Ооба. Түрк ашканасында кобүнчө мержмек суюк тамагын беришет. “Мержмектен тажап кеттик, кыргыз сорполорун ичебиз”, деп келген түрк жарандар бар.

-Рахмат маегиңизге.