Жаңыл Бекмырзаева: “Эти Бакыр Терексай” ишканасында жумушчуларга ылайыктуу шарттар түзүлгөн

167

Тоо кен казуу тармакта тоо адистеринен тышкары дагы көптөгөн адистер эмгектенет. Анын бири Жаңыл Бекмырзаева,   “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын борбордук кампанын эсепке алуу адиси. Так ушул кампа ишканадагы бардык техника, жабдуу жана керектүү шаймандар менен камсыздайт.    “Портрет” рубрикасынын коногу Жаңыл Бекмырзаева.  

-Ишканага кандай товарлар керектелет?

– Биздин борбордук кампага көптөгөн импорт товарлары келет, ошолорду каттоо  ишин алып барам. Тагыраак айтсам, импорт товарлар дын бажы декларациясын толтуруу, товар келгенде бажыдан өткөндүгү тууралуу эсеп-кысаптарды талап кылабыз. Такталгандан кийин жалпы базага каттайбыз.  Түрдүү товар келет: ири техникадан тарта, алардын шаймандары, офисте иштөө жабдыктары, канцелярдык товарлар, эмеректер, айтор кампанын баары товарга толгон.

Кыргызстандан кандай товарлар сатып алынат?

-Техникалардын шаймандарын, курулуш материалдарын, канцтоварларды Кыргызстандан сатып алабыз. Кыргызстанда жок товарлар гана башка өлкөлөрдөн келет. Буга негизинен ири техникалар кирет.

-Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

– Өзүм Чаткал районунан болом, Терек-Сайдын Ак-Терек айылында жашайм. 2002-жылга чейин Кара-Көлдө турчу элем. Бул жакка көчүп келгенден кийин айылдык ооруканда бухгалтер болуп беш жыл иштегем. 2012-жылдан тарта “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунда иштей баштагам. 2016-жылы “Эти Бакыр Терексай” компаниясы жумуш баштап, алгач ирет бухгалтерияда иштедим. Азыр болсо борбордук кампага өттүм.

-Эмне себептен которулуп кеттиңиз ооруканадан?

-Азыркы кезде мамлекеттик кызматта иштөө татаал экенин баарыбыз эле билебиз. Ал эми “Эти Бакыр Терексай” ишканасында жумушчуларга иштөө үчүн ылайыктуу шарттар түзүлгөн: тамактануу каралган, жумуштун мүнөзүнө жараша атайын кийимдер берилет, кызматкерлерди ташыганга транспорт уюштурулат. Мындан тышкары санаторийлерге эс алууга жолдомолор берилет. Айтор, ишиңди аткарууга жакшы шарттар түзүлгөн.

-Металлург күнүнө карата куттуктоо жолдосоңуз?

-Терек-Сайда бир гана өндүрүш иши бар болгондукутан, “Эти Бакыр Терексай” компаниясынын иши жакшы болсо, деп тилейбиз. Үй-бүлөбүздө баарыбыз ушул өндүрүш аркылуу оокат кылабыз. Кесиптештериме ийгилик каалайм, өндүрүштүн иши оор, андыктан баарнына ден соолук каалайм.

-Маегиңизге рахмат.