Жеңишбек Бабакулов: Иштеген ишибиз болсо, элибиздин телегейи тегиз болот!

173

Тоо-кен тармагында ар бир кесип кадыр-барктуу. “Портрет” рубликабыздын бүгүнкү коногу Жеңишбек Бабкулов. “Эти Бакыр Терексай” ишканасында күзөтчү болуп иштейт.

-Мен “Дальний” карьеринде күзөтчү иштейм. Ары-бери өткөн унааларды текшерем. Карьерге менчик унааларды киргизбөө менин милдетим.

-Иштегениңизге канча жыл болду?

– Мен Терек-Сай айылында туулуп өскөм, негизи кесибим боюнча электромонтер. Электрик болуп “Кыргызалтын” ишканасында 20 жылга жакын иштедим. Негизи электриктердин кесиби кооптуу болгондуктан кылдат мамилени талап кылат. Азыр жашым 50гө таяп калды. Төрт жылдан бери “Эти Бакыр Терексайда” күзөт кызматына өтүп алгам. 15 күн иштеп, 15 күн бош.

-Жумушуңуз жагабы?

-Шүгүр! Айлыгы жакшы, “Кыргызалтында” айлык азыраак болчу. Мен ыраазымын.

-Үй-бүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз?

-3 кыз жана 2 уулум бар. Улуулары Бишкекте окушат, бири экономикалык факультетте, экинчи кызым – программист кесибин тандап алды. Кичүүлөрү мектепте окушат. Убагы келгенде алар дагы өзүнүн болочок кесибин тандашат.

-Металлруг күнүнө карата куттуктоо сөзүн узатсаңыз?

-Бардык кесиптештеримди келе жаткан “Металлург күнү” менен чын дилимден куттуктайм. Чың ден соолук, узун өмүр каалайм. Биринчиден, дүйнөбүз тынч болсун, бакыт-таалай тилейм, үй-бүлөлөрү менен ынтымактуу жашап, узун өмүр сүрүшсүн. Кудайга шүгүр, иштеген ишибиз бар. Ишсиз калган  жылдарды баштан өткөргөнбүз. Ошон үчүн, ар дайым иш болсун, иш болсо, элдин телегейи тегиз болот!

-Куттуктоо сөзүңүзгө рахмат.