
Интенсивдүү геологиялык чалгындоо иштеринин натыйжасында Тереккан жана Терек кендеринин запастары такталды жана ошонун негизинде Доре эритмесин өндүрүү үчүн жаңы алтын ылгоочу фабрикасын куруу зарылчылыгы акталган.
Техникалык долбоордун бардык тиешелүү мамлекеттик экспертизаларынан ийгиликтүү өткөндөн кийин, компания 2020-жылы COVID пандемиясынын учурунда калдыктарды сактоочу жай жана инфраструктура объектилери бар алтынды ылгоочу фабрикасын (АЫФ) курууну баштады.
Курулуш бул типтеги объекттерге коюлган катуу талаптарга ылайык, дүйнөлүк стандарттын талаптарына жооп берген жогорку сапаттагы материалдарды жана жабдууларды колдонуу менен, экологиялык коопсуздукту жана айлана-чөйрөнү коргоону милдеттүү түрдө сактоо менен жүргүзүлдү.
Жаңы алтын ылгоочу фабрикасына курууга 40 миң кубометр бетон жана 4,2 миң тонна металл конструкциялары жумшалып, 5 миллион миң кубометрден ашык жер казуу жумуштары жургузулгөн.
Заманбап жабдуулар орнотулган: Metso Outotec тегирмендери, Wier Minerals насостору, Atlas Copco компрессорлору.
2022-жылы курулуш аяктап, жылына 1 миллион тонна руда өндүрүү кубаттуулугу менен жаңы алтын ылгоочу фабрикасы (АЫФ) ишке киргизилген. АЫФнын орточо суткалык кубаттуулугу 4,5 миң тонна/суткасына болуп, күнү-түнү иштейт.
Калдыктарды сактоочу жай жана инфраструктура объектилери бар алтын ылгоочу фабриканын ишке кириши менен компаниянын кызматкерлеринин саны 2019-жылы 300 адам болсо, 2025-жылы 650дөн ашты, анын 90%дан ашыгын кыргызстандыктар түзөт.
Кошумчалай кетсек, АЫФ ишке киргенден бери милдеттүү социалдык пакеттин суммасы 20 миллион сомду түзүп, республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге салык төлөмдөрү да бир нече эсеге өскөн.