
Компания 300 миллион доллардан ашык инвестиция тартып, 1290 жаранды жумуш менен камсыз кылды (инфраструктуралык объектилерди жана алтын ылгоочу фабрика курууда) жана учурда 650дөн ашык адамды туруктуу иш менен камсыз кылууда. Инвестор COVID-19 пандемиясынын учурунда өндүрүштү же инвестицияларды токтоткон жок. Эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап тоо-кен объектисин куруу долбоору объективдүү кыйынчылыктарга карабастан ишке ашырылды.
Ишкана иштеп баштагандан бери жыл сайын жергиликтүү бюджетке социалдык муктаждыктар үчүн 15 млн. АЫФнын өнөр жай объектилери ишке киргизилгенден кийин 2022-жылдын февраль айынан тартып социалдык пакетке чегерүү жылына 20 миллион сомго чейин өстү.
2016-жылдан 2024-жылга чейинки мезгилде социалдык пакеттин жалпы суммасы 150 миллион сомду түздү.
Ошондой эле «Эти Бакыр Терексай» компаниясы аймака активдүү демөөрчүлүк жардам көрсөтүп, жергиликтүү инфраструктураны сактоого жана өнүктүрүүгө 2% бөлүп берет. Бул эки көрсөткүч боюнча эле 2016-жылдан 2025-жылдын январ айына чейинки мезгилдеги социалдык төлөмдөр 603 182 067 сомду түздү.
Жергиликтүү коомчулукту колдоо жана өнүктүрүү үчүн социалдык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 753 182 066 сомду түздү (демөөрчүлүк жардам, жергиликтүү инфраструктураны кармоого жана өнүктүрүүгө 2%, социалдык пакет).
«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы иш баштагандан бери Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр жана башка милдеттүү жана социалдык төлөмдөр түрүндөгү төлөмдөр – 6 581 619 710 миң сомду түздү.
Компания сандар менен

Фабриканын өндүрүштүк кубаттуулугу

Социалдык пакет

Электр энергиясын керектөө
