
Ишкана иштей баштагандан бери жыл сайын жергиликтүү бюджетке социалдык муктаждыктарга 15 миллион сом которуп келген. АЫФнын өнөр жай объектилери ишке киргизилгенден кийин 2022-жылдын февраль айынан тартып социалдык пакетке чегерүү жылына 20 миллион сомго чейин өстү.
2016–2024-жылдар аралыгында социалдык пакеттин жалпы суммасы 150 миллион сомду түздү.
Ошондой эле «Эти Бакыр Терексай» районуна активдүү демөөрчүлүк жардам көрсөтүп, жергиликтүү инфраструктураны сактоого жана өнүктүрүүгө 2% бөлүп берет. Бул эки көрсөткүч боюнча эле 2016-жылдан 2024-жылдын декабрына чейинки мезгилдеги социалдык төлөмдөр 275 миллион 102 миң 523 сомду түздү.
«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКнун социалдык жоопкерчилиги бизнести этикалык алып жүрүүгө жана экономиканы өнүктүрүүгө салым кошууга, компаниянын кызматкерлеринин да, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн да, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун жана бүтүндөй коомдун жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө дайыма көңүл буруудан турат.
Биз социалдык жоопкерчилик стратегиясын жана туруктуу өнүгүү принциптерин кармануу компаниянын экономикалык, социалдык жана экологиялык бизнес стратегиясынын өзөгүн түзүшүн камсыздайт жана биздин бизнести келечек муундардын муктаждыктарын канааттандырууга мүмкүндүк берет деп ишенебиз.