
«ЭТИ БАКЫР ТЕРЕКСАЙ» ЖЧКсы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, айыл тургундарына, ошондой эле райондук, облустук администрацияга ар кандай жардамдарды көрсөтүп келет.
Кайрымдуулук, жергиликтүү коомчулук жана жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара аракеттенүү жана кризистик кырдаалдарга катышууга даяр болуу Компаниянын тышкы корпоративдик жоопкерчилигинин негизги багыттары болуп саналат.
Жыл сайын компания тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жакынкы айылдардын жана Чаткал районунун тургундарына ар кандай спорттук, маданий жана башка социалдык иш-чараларды өткөрүүгө, анын ичинде социалдык объектилерди ишке ашырууга – ооруканаларды, мектептерди жана башкаларды оңдоого 3 000 000 сомдон ашык каражат бөлүнөт.
Жыл сайын мусулмандардын ыйык Орозо айт майрамына карата компания айыл тургундарына азык-түлүк пакеттерин таратып келет.
Терексай айыл аймагынын айылдарынын ортосунда бекер автобус каттап, ишкана тарабынан тейленүүдө. Бул жергиликтүү тургундардын жана биринчи кезекте мектеп окуучуларынын жашоосун бир топ жеңилдетти.
Компания жергиликтүү калкты социалдык программалар менен колдоонун маанилүүлүгүн түшүнөт жана ар дайым, мүмкүн болушунча, жарандардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык маселелерин чечүүдө жардам көрсөтөт.
Корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин алкагында «ЭТИ БАКЫР ТЕРЕКСАЙ» компаниясы 2016-жылдан 2024-жылга чейин социалдык пакеттен тышкары 51 756 565 сом акчалай жардам көрсөттү.