
«Эти Бакыр Терексай» ишканасында кызматкерлер менен иштөөгө өзгөчө көңүл бурулат. Биринчи кезекте ар бир жумушчунун профессионалдык деңгээлин тынымсыз жогорулатуу, жабдууларда иштөөнун коопсуз ыкмаларына ээ болуу, технологиялык инструкциялардын жана эмгекти коргоо боюнча инструкциялардын талаптарын сактоо боюнча бир топ иштер жүргүзүлөт.
Ар бир жаңы кызматкер, иш тажрыйбасына карабастан, коопсуздук боюнча окуудан жана инструктаждан өтүүгө милдеттүү. Бул өзгөчө кооптуу өндүрүштүк аймактарга тиешелүү. Уруксатты берүүгө ыйгарым укуктуу адамдардын бекитилген тизмеси менен уруксаттын негизинде иш жүргүзүлүп жаткан аймактарда. Мындай тармактардын жумушчулары коопсуздуктун атайын инструкциясын жакшылап үйрөнүп, ишкананын комиссиясы тарабынан экзаменден өтүүгө тийиш.
Кызматкерлер милдеттүү түрдө алдын ала медициналык кароодон өткөндөн кийин ишке кабыл алынат. Кийинчерээк алар мезгил-мезгили менен белгиленген тартипте мындай текшерүүлөрдөн (изилдөөлөрдөн) өтүп турушат, бул кызматкерлердин ден соолугуна системалуу мониторинг жүргүзүүгө, кесиптик оорунун белгилерин өз убагында аныктоого жана зарыл болгон учурда аларды башка ишке которууга мүмкүндүк берет.
Компания сандар менен
