
«Эти Бакыр Терексай» ЖЧКда бош кызмат орундарына тандоо ачык-айкын, комиссиялык негизде жүргүзүлөт. Бош орундар пайда болгондо кулактандыруулар берилип, шилтеме аркылуу жергиликтүү бийликке жана депутаттарга жөнөтүлөт. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында айыл тургундары жумуш менен камсыз болуп жатат. Тандоо процессинде талапкерлерге иштөө шарттары жана иштөө тартиби жөнүндө толук маалымат берилет.
Талапкерлерди тандоодо алардын иш тажрыйбасына көңүл бурулат. Терек-Сай айыл аймагынын калкынын социалдык абалын колдоо максатында биринчи кезекте Терек-Сай айылынын тургундарынын резюмелери каралат.
Ачык вакансиялар компаниянын Instagram баракчасында жана башка социалдык тармактарда жарыяланат. Ошондой эле жарнак компаниянын Терек-Сай айыл өкмөтүнүн маданият үйүндө жайгашкан маалымат борборунда жайгаштырылат.
Терек-Сай айыл аймагынын администрациясынан жолдомо каты бар болсо, социалдык абалы төмөн адамдар да тандоо процессине катыша алат. Бирок кандай гана талапкер болбосун сынактын жыйынтыгы менен гана ишке кабыл алынат. Кесиптик иш тажрыйбасына жана тиешелүү документтердин болушуна өзгөчө көңүл бурулат. Тажрыйба жана квалификациянын негизинде резюмелер тандалып алынат жана талапкерлердин тизмеси бөлүм башчыларына жөнөтүлөт.
Талапкерлер менен маектешүүнү комиссия жүргүзөт. Өндүрүш кооптуу объект болгондуктан, ар бир жумушчу кылдат тандоо процессинен өтөт. Кээ бир учурларда интервьюда бирдей упай топтогон талапкерлер практикалык экзаменге чакырылат. Практикалык тандоодо эң көп балл топтогон жана жакшы натыйжаларды көрсөткөн талапкер ишке чакырылат.
Жалпысынан бош кызмат орундарында иштөөнүн шарттары, өзгөчөлүктөрү жана талаптары объекттин жетекчиси тарабынан аныкталат. Кадрлар бөлүмү бардык жумуш издөөчүлөрдүн резюмелерин иштеп чыгат жана айтылган талаптарга ылайык талапкерлердин тизмесин түзөт.
Жумушка алуу процесси эмгекти коргоо боюнча окутуу менен аяктайт. Бул процедура “Эти Бакыр Терексай” кыргыз-түрк биргелешкен ишканасынын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү. Анткени, эмгек коопсуздугу компаниянын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.