
«ЭТИ БАКЫР ТЕРЕКСАЙ» ЖЧКнун камсыздоо бөлүмү компаниянын эң маанилүү бөлүмдөрүнүн бири болуп саналат.
«ETI BAKIR TEREKSAY» ЖЧКнун сатып алуулар бөлүмү компаниянын Бишкектеги кеңсесинде жайгашкан жана ички керектөөчүлөрдүн суроо-талаптарына ылайык продукцияларды сатып алуу менен алектенет. Жалпысынан бөлүмдө 6 адам эмгектенет, анын ичинен 1 адис Терексай кеңсесинде туруктуу жайгашкан.
Сатып алуу бөлүмү товарлардын айрым түрлөрүн сатып алууга байланышкан маселелерди изилдейт жана чечет, продукцияны жеткирүү боюнча келишимдерди түзөт, берүүчүлөрдү аныктайт, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына талаптарды коёт. Сатып алуу ишинин натыйжаларынын ички керектөөчүлөрү болуп сатып алынган продукцияга муктаж болгон «ЭТИ БАКЫР ТЕРЕКСАЙ» ЖЧКнун башка бөлүмдөрү саналат.
Камсыздоо бөлүмүнүн иш алгоритми:
- Ишкананын бөлүмдөрүнүн жетекчилери биринчи кезекте ишкананын фирмалык бланкына керектүү продукцияга өтүнмө толтурушат.
- Андан кийин өтүнмөлөр кол коюу үчүн башкы жетекчилерге жөнөтүлөт.
- Арызга кол коюлгандан кийин ал сатып алуу бөлүмүнүн адистерине жиберилет.
- Жетекчилик кол койгон арыздар камсыздоо бөлүмүнүн адистери тарабынан каралат, андан кийин товарлар сатылып алынат жана ишкананын борбордук кампасына жөнөтүлөт.
- Талапкерлер товарларын кампадан алышат.
Камсыздоо бөлүмүнүн миссиясы – компаниянын ишинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу жана өндүрүштүн туруктуулугу үчүн зарыл болгон нерселердин бардыгын өз убагында камсыз кылуу.
Өзгөчө:
– Товарларды жана кызматтарды эң төмөн баада сатып алуу.
– Товарлардын өз убагында жеткирилишин камсыз кылуу.
– Кепилденген жогорку сапаттагы продукцияларды сатып алуу.
– ишенимдүү жеткирүүчүлөр менен достук өнөктөштүктү сактоо.
– Натыйжалуу кызматташуу жана компаниянын башка бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүү.
Көбүнчө товарлар жана азык-түлүктөр жергиликтүү рынокто жергиликтүү жеткирүүчүлөрдөн сатылып алынат. Кыргызстанда жок нерсе Европа мамлекеттеринен, Түркиядан, Кытайдан, Белоруссиядан, Казакстандан, Орусиядан алынып келинет.
Борбордук кампа
ETI BAKIR TEREKSAY борбордук кампасы компаниянын маанилүү бөлүмдөрүнүн бири болуп саналат. Учурда кампада 12 адам иштеп жатат. Алардын ичинен 2 жумушчу Түркиянын, калгандары Кыргызстандын жарандары.
Кампа кызматкерлеринин милдеттери:
– продукцияны жана башка товардык-материалдык баалуулуктарды кампага кабыл алуу;
– продукцияны жана башка товардык-материалдык баалуулуктарды кампадан чыгаруу;
– материалдык баалуулуктарды сактоо, кампа ичиндеги буюмдардын кыймылы;
– коштоочу документтерди текшерүү;
– кампа документтерин эсепке алуу жана жүргүзүү.
Кампага түшкөн товарлардын эсеби 1С программасы аркылуу жүргүзүлөт. Кампада түрк эсеп программасы D165 ишке ашырылган. Алгандан кийин бардык товарлар алдын ала документтер менен текшерилип, андан кийин гана төлөө үчүн компаниянын бухгалтериясына өткөрүлүп берилет.
«ЭТИ БАКЫР ТЕРЕКСАЙ» кампасы кечке чейин иштейт. Кызматкерлер вахта менен иштешет. Учурда кампада 10 миңден ашык товар бар. Товарлардын санын аныктоо үчүн кызматкерлер ар 3 ай сайын инвентаризация жүргүзүшөт.
Жергиликтүү сатып алуулар
Биздин компаниянын максаттарынын бири – ишкананын керектөөлөрү үчүн товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алууда жергиликтүү өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү.
Сатып алуу бөлүмүндө товарларды сатып алуу боюнча чечимдер кабыл алынат, продукцияны жеткирүү боюнча келишимдер түзүлөт, берүүчүлөрдү тандоо маселелери чечилет, продукциянын сапатына талаптар белгиленет ж.б.
Сатып алуу бөлүмүнүн максаттары:
- Товарларды жана кызматтарды эң жакшы баада сатып алуусу.
- Товарды өз убагында жеткирүүнү камсыз кылуу.
- Кепилденген жогорку сапаттагы товарларды сатып алуусу.
- Ишенимдүү жеткирүүчүлөр менен достук өнөктөштүктү сактоо.
- Ишкана үчүн максималдуу пайда алуу.
- Кызматташуу жана компаниянын башка бөлүмдөрү менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү.
- Компаниянын стратегиялык максаттарына жетүүгө, анын ичинде логистикалык стратегиясын ишке ашырууга салым кошуу.
- Жалпы логистикалык чыгымдарда сатып алуу чыгымдарынын үлүшүн азайтуу.