Кыргыз-түрк биргелешкен алтын казуучу «Эти Бакыр Терексай» Компаниясы химиялык-аналитикалык лабораториясын эл аралык ISO 17025:2017 (ГОСТ ISO/IEC 17025:2017) стандартына ылайык аккредитациядан ийгиликтүү өттү. Бул статус ишкана кызматкерлеринин жогорку компенеттүүлүгүн, изилдөөлөрүнүн тактыгын жана лабораториялык процесстеринин технологиялык жактан жетишкендиктерин расмий түрдө тастыктайт.

Дүйнөлүк сапат стандарты иш жүзүндө.
ISO аккредитациясы дүйнөлүк практикада эталон болуп саналат. “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсы үчүн бул жогорку жетишкендик лабораториялык базаны модернизациялоодо жана сапаттуу башкаруу боюнча заманбап системаларды киргизүүдө системалуу иштин мыйзамдуу жыйынтыгы болду.
“Аккредитация биздин изилдөө жыйынтыгынын эл аралык деңгээлде таанылганын тастыктайт. Бул геологиялык чалгындоодон баштап, даяр продукцияны чыгарууга чейинки өндүрүш жүрүшүнүн ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү”- деп белгиледи “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсынын башкы директору Альп Тогай.

Лабораториянын негизги көрсөткүчтөрү.
Лаборатория – өндүрүш процессинин “жүрөгү” катары саналат жана бардык этаптарда сапатты үзгүлтүксүз көзөмөлдөп турууга көмөктөшөт.
Изилдөөнүн көлөмү: күнүнө лаборатория кызматкерлери 500дөн ашуун химиялык-аналитикалык анализ жүргүзөт.
Көп компоненттүүлүк: 10дан ашуун элементтин жана технологиялык компоненттердин маңызына мониторинг жүргүзүү.
Көзөмөл объекттери: лаборатория Тереккан кенинен, ошондой эле алтын ылгоочу фабрикасынан (АЫФ) алынган геологиялык жана технологиялык үлгүлөрдү талдайт.




Технологиялар жана экспертиза.
Бардык үлгүлөр каттоодон жана үлгү даярдоодон баштап акыркы анализге чейин катуу көзөмөлдөнгөн этаптардан өтөт. Стандартташтырылган ыкмаларды колдонуу менен каталарды жок кылат жана төмөнкүлөр үчүн колдонулган маалыматтардын ишенимдүүлүгүн кепилдейт:
- Кендин запастарын ырастоо жана тактоо;
- Казылып алынган руданын сапатын көзөмөлдөө;
- АЫФда технологиялык процесстерди оптималдаштыруу жана
пландаштыруу.

Өнүктүрүү стратегиясы.
“Эти Бакыр Терексай” ЖЧКсы лабораториялык жана аналитикалык базасын өнүктүрүүгө инвестиция салууну улантат. Компаниянын артыкчылыктуу багыттарынын катарына алдыңкы аналитикалык технологияларды тынымсыз ишке ашыруу жана адистеринин кесиптик деңгээлин үзгүлтүксүз жогорулатуу кирет.
Эл аралык ISO стандарттарына шайкеш келүү – бул кыргыз-түрк компаниянын Кыргызстандагы ачык-айкын жана жогорку технологиялуу тоо-кен өндүрүшүн өнүктүрүүгө, өндүрүштүн жогорку натыйжалуулугун жана эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин камсыз кылууга кошкон салымы.

